Ирандын аскерий чакан учагынын кыйроосунан 13 киши набыт болду. Алардын арасында жогорку даражадагы аскерий жетекчилер болгон. Окуя Түркия чегине жакын жерде орун алган, бирок анын себептери азырынча белгисиз. Каза болгондор арасында Ирандын Ыңкылапты коргоо куралдуу тобунун башчысы Ахмад Каземи бар экендиги аныкталууда.