Парламент жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга өкмөттүн мамилесин курч сынга алып, маалымат берүүнү талап кылып келаткан. Акыркы маалыматтарга караганда, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган 112 үй-бүлө кыш алдында чатырда жашап турушат. Жалпысынан 4 миңден ашык адам жаратылыш кырсыктары болуш ыктымалдыгы бар жерлерде күн өткөрүүдө. Аларды жайгаштыруу үчүн 50 миллион сом каражат талап кылынууда. Бул каражатты табууну талкуунун жүрүшүндө парламентке премьер министр Феликс Кулов убада кылды. Анын айтымында, азыркы бюджеттик тартыштык учурунда мындан чоң каражатты бөлүп берүүгө өкмөттүн алы жетпейт.
Каржы министри Акылбек Жапаров экология министрлигине жылдагыдан 3,5 эсе көп каражат берилгенин белгилөө менен, бюджеттин ресурсуна быйыл 1 миллиард 853 миллион сом жетпей калчудай болуп турганын айтты. Мунун себебин министр төмөнкүдөй чечмеледи:
- Ар кандай себептер менен Дүйнөлүк Банктын JISAC программасынын үчүнчү траншы 148 миллион сом бюджеттин ресурстук жагында каралат эле, келбей калды. Анткени, биз сиздер менен саясий чечим алып, энергетика тарифтерин көтөрбөйбүз дегенбиз. Андан кийин жакырчылыкты кыскартуу программасы деп коет, 220 миллион сомдук, анан экинчи транш Дүйнөлүк банктыкы (JISACтыкы).«Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамга түзөтүүлөр кабыл алынып калган экен, Дүйнөлүк банк буга каршы чыгып атат, ошондуктан, бу жерде да алар кармалып атат. Бул проблемалар чечмейинче бюджетте мындай акча болбойт деп. Анан Евросоюз гранттарын жылына эки эмес, жылдын башында гана бир жолу беребиз деп, биз ресурстардан 250 миллион сомго аксап атабыз.
Мындан тышкары министрдин билдиргенине караганда, өткөн он ай ичинде бюджетке бажыдан жана салыктан болгону 274 миллион сом гана ашык каражат түшкөн.
Каржы министринин мындай маалыматынан улам бир катар депутаттар өкмөттү ар түрдүү маалымат берип жатат, деп сынга алышты. Маселен, депутат Аскарбек Шадиев мындай деди:
- Биздин президентибиз Курманбек Салиевичке ким маалымат даярдап берген, жалпы элге жана эл депутаттарына кайрылганда жакынкы учурда Кыргызстандын ар бир жараны турмуштун оңолгонун көрөт деди эле. Бүгүн таптакыр башка маалымат берип жатат. Бул жерде президенттин башын айлантып, башкача маалымат бергенсиңер. Бул боюнча күнөөлүүлөрдү алып чыгыш керек.
Ал эми депутат Асамидин Марипов революциялык эргүүдөн арылчу кез келгенин белгиледи:
- Революциядан кийин кээ бир популисттер 5 миллиард сом түшөт деген. Мына каржы министрибиз айтты, 274 миллиондой гана сом түшүптүр ашыкча. Аскар Акаевичтер 1,5 миллиарддай доллар акча түшөт деген. Анын бир тыйыны да түшкөн жок бүгүн. Мына жыйынтыгын көрдүк. Ошондуктан, кыргызда жуурканыңа карап бутту сун деген кеп бар.
Анткен менен, депутат Марат Султанов өкмөт маалымат берүүдө Париж клубунун реструктуризациялоосунун, «Кумөр-Сентерре» компаниясы бөлгөн акчанын эсебинен түшкөн пайда эске алынбай калгандыгын белгиледи.
Депутат Камчыбек Ташиев болсо, жок каражатты табуу өкмөттүн милдети деп эсептеди:
- Урматтуу Феликс Шаршенбаевич, эгер, бюджетте акча топтолбосо, акчаны бул жерде отурган депутаттар топтобойт. Акчаны аткаруу бийлиги топтошу керек. Бул сиздердин түздөн түз милдетиңиздер.
Депутат Акматбек Келдибеков кырдаалды жөнгө салуунун бирден бир жолу катары киреше-чыгашаларды өкмөттүн толугу менен текшерип чыгуу зарылдыгын атады.
Парламент убакыттын жетишсиздигинен улам өкмөттүк саатка байланыштуу бул күнү чечим чыгара алган жок. Ошондуктан, аталган маселеге кийинки күндөрү кайра кайрылмай болду. Бул күнкү отурумунда депутаттар премьер министрдин, каржы, экология, транспорт министрлеринин жана мамлекеттик курулуш, турак жай департаментинин башчысынын маалыматын угушту.