Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Мароккодогу жыйын Кыргызстанда талкууланды


БИШКЕК. 7-9-ноябрь аралыгында Марокконун Рабат шаарында өтө турган эл аралык конференцияга Кыргызстандан да делегация катышаары күтүлүп жатат. Анда билим берүү сапатына, маданиятка, балдарды коргоого, СПИДдин ВИЧ инфекциясына, мамлекет менен жарандык коомдун өнөктөштүгүн күчөтүүгө байланышкан маселелер талкууланмакчы. Эл аралык конференциянын күн тартибиндеги маселелерди Бишкекте ЮНИСЕФ уюмунун программалык координатору Смаранд Поуп менен вице-премьер министр Адахам Мадумаров талкуулашты. Мадумаров жолугушууда белгилегенге караганда, Кыргызстан балдарды эксплутациялоо, айрыкча, айыл чарба жумуштарында пайдаланууга каршы күрөшөт.

XS
SM
MD
LG