“Ал-Каиданын” Испаниядагы бөлүмүнүн жетекчиси Эддин Яркос 27 жылга түрмөгө кесилди. Дагы он жети киши алты жылдан он бир жылга чейин эркинен ажыратылды. Алардын ичинде “Ал-Жазира” телеканалынын Испаниядагы кабарчысы да бар. Жоопкерлерден алтоо акталды. Сотто суралган 24 адамдын көбү негизинен Сириянын жана Марокконун жарандары. Алардын айрымдары былтыр Мадриддеги террордук иштерге байланыштуу кайрадан сот алдында жооп берет.