Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Жогорку Кеңеш Баяман Эркинбаевди эскерди


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 22-сентябрдагы жыйынын Баяман Эркинбаевди эскерүү менен баштады. Андан кийин депутат Дооронбек Садырбаев сөз сүйлөп кылмыштуулуктун күчөп, атуулдардын Конституциялык укуктарын, коопсуздугун камсыз кыла албагандыгына байланыштуу өкмөттү толук курамы менен кызматтан кетүүсүн, ал эми президент Курманбек Бакиевге импичмент жарыялоо керектигин билдирди. «Сурабалдиев, Эркинбаев, мындан кийин Бабановдун кезеги. Мындай шартта иштөөгө болбойт», - деди Дооронбек Садырбаев. Эркинбаевдин өлүмү кызуу талкууга алына баштагандыгына байланыштуу күн тартибине ылайык, Жогорку Кеңешке келген биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов баш болгон бир катар чарбалык министрлерди депутаттар артка кайтарып, алардын ордуна президент, премьер-министр жана бардык күч структураларынын жетекчилеринин келишин талап кылышты.

XS
SM
MD
LG