Шах Масуд “түндүк” альянсынын аскербашчысы болгон, талиптерге каршы көп жыл күрөшүп, алардын режимин кулатканга катышкан. Ооган президенти Хамид Карзай Кабулдагы эскерүү жыйынында эркиндик, улуттун көз карандысыздыгы жана ар-намысы үчүн ыйык согушта элдин миңдеген уулдарына өз өмүрүн сап кылганга туура келгенин, улуу жеңиш арзанга турбаганын белгиледи. Шах Масуд мындан төрт жыл мурда “ал-каидачы” жанкечтилер жардырган бомбадан набыт кеткен.