ЖАЛАЛАБАТ. «Эрк», “Жаңы Кыргызстан” жана «Эркиндик» партияларынын облустагы мүчөлөрү бийлик катарын Аскар Акаевчил кадрлардан тазалоо жана март ыңкылабын коргоо комитетин түзүү маселесин талкуулашты. Алар ыңкылапчы адамдардын аброюна көө түшүрбөө жана революцияны улантуу демилгесин көтөрүштү. Өз ара бийлик жана байлык талашкан адамдардын акча берүүгө убада кылган азгырыгына кирбей турган болушту. Көпчүлүктүн ишенимин алган жаңы бийликке жардам берүү үчүн бийликтен кызмат сурабай, март ыңкылабында өтөгөн эмгегин милдет кылбоо жагы макулдашылды. Жыйында белгилегендей, ыңкылапты коргоо комитети элдик бийликти сактап, бийликтин бардык тармагын таза кадрлар менен камсыз кылуу жана туура эмес менчиктештирилген мүлк-байлыкты коомго кайтаруу аракетин улантат. Жыйын Аскар Акаевдин отставкасын талап кылуу менен 21 күн облустук бийликтин маңдайында тургандарга жергиликтүү бийликтин сыртын салуусун белгиледи, партиялардын атынан губернаторго обладминистрациядагы мурунку бийликтин камчысын чапкан кызматкерлерди кызматтан бошотуу жөнүндө кайрылуу кабыл алынды. Кайрылуудан майнап чыкпаса, ыңкылапчылар өз билгениндей аракеттенүү чечимине келишти.