Белорус президенти Александр Лукашенко жеке дыйкан чарбасы өлкөдө эч качан бутуна турбайт деп, колхоздор кыйратылбай сакталганына сүйүнүчтө экенин билдирди. Ал ошондой эле “славяндар жеке чарба жүргүзүүгө психологиялык жактан даяр эмес” - деди, өлкөнүн батышын кыдырып жүрүп. Бир жылдары колхоз башкармасы болуп иштеген Лукашенко түшүм жыйноо мезгилинде чарбаларды тез-тез кыдырып турат.