Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

ӨЗБЕК БОЗГУНДАРЫ РУМЫНИЯГА ЖӨНӨТҮЛДҮ


29-июль күнү танкы саат алтыларда өзбек бозгундары түшкөн учак Бишкектин “Манас” аба майданынан Румынияга көздөй сапар алды. Аталган өлкөдө качкындар убактылуу гана туруп, андан ары төртүнчү башка өлкөгө которулат.

Бүгүн таңга жуук Кыргызстандагы өзбек качкындарынын ичинен 440 адамды салган учак Бишкектеги "Манас" аэропортунан жөнөп кетти. Алардын арасында буга чейин Ош шаарынын тергөө абагында кармалып келген 29 өзбекстандыктын 14ү да бар. Калган 15 өзбекстандыктын 11не гана БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты качкын макамын ыйгарган. Алар эми Кыргызстанда калтырылабы же Өзбекстанга өткөрүлөбү, азырынча так белгисиз.

Румын тышкы иштер министри Михай Резван Унгурянунун билдиргенине караганда, Румыния өзбек качкындары үчүн утурумдук жай болот. Румыниядан соң качкындар төртүнчү башка өлкөгө чыгарылат. Учурда Канада, Дания, Нидерландия, Швецария, АКШ өңдүү мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Манас” аба майданында болгон “Азаттыктын” кабарчысы Канат Муратбек уулунун айтымында, качкындарды сапарга узатаар алдында журналисттер менен укук коргоочулардын жолугушуусуна мүмкүнчүлүк берилбей, алардын качкындар менен баарлашууга жасаган аракетинен майнап чыкпады. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын атынан аталган уюмдун башчысы Эдил Байсалов Кыргызстандан эстелик катары качкындардын ар бирине белектерди тартуулады. Тактап айтканда, бозгундардын эркектерине бирден чыны, аялдарына бирден жоолук берилди.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG