Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55

КАЧЫП КЕТКЕН ИШКЕР ЭЛДЕН АЛГАН АКЧАСЫН 2 ЖЫЛДА КАЙТАРУУГА УБАДА БЕРҮҮДӨ


«Renton Group» компаниясынын качып кеткен президенти Эдуард Пак Кыргызстанга кайтып келип, алданган аманатчылар менен 15-июлда жолугушуп, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Э.Пак 200 миллионго жакын сомду эки жыл аралыгында төлөп берүүгө убада кылып, акчасын алдырып отуруп калган аманатчылардын алдында кечирим сурады.

1998-жылдан тарта ишке киришкен «Renton Group» компаниясынын баалуу кагаздарынын баасы көтөрүлүп, ышкылуу жарнама-үгүттүн жардамы менен калктын көпчүлүгү каткан акчасын үстөк пайызын арбын төлөп берүүгө убада берген ишкерлердин колуна тапшырган. Бир жыл өтпөй айтылуу компания 55 миллион сом аманат акчасын берген адамдарга 1 миллион сом киреше акча төлөп берип, аманатчылардын катарын дагы көбөйткөн.

Бирок да 2002-жылдан тарта компаниянын иши анча жүрүшпөй, кирешелүү тармактарга жумшалган инвестициясынын кайтарымы болбой, 2003-жылдын жазында «Renton Group» банкротко бараткан. Анын үстүнө компаниянын иши аксап атканынан кабардар айрым акционерлер тапшырган акчасын кайтарып ала башташкан. Компания айла жок жүгүртүүгө коюлчу акчасынан өөнөп алып, аманатчыларына кайтарып берген.

«Renton Group» компаниясынын президенти Эдуард Пак арадан эки жыл өткөндөн кийин 2003-жылдын мартында эле кудуретсиздикке кабылышканын аманатчыларга ачык айтсак болмок экен деп эми өкүнүп отуру. Эмнеликтен эки жарым миң аманатчыны алдап чет өлкөгө качып кетиш себебин Э.Пак мындайча түшүндүрөт:

- 2003-жылдын март айында биздин бир атаандашбыздын амалы менен мага каршы кылмыш иши козголгон. Мен ошондо да Алматыга качып кетип, проблеманы адвокатым аркылуу чечүүгө аракет кылдым. Бир айдын ичинде Бишкек шаар соту мага каршы мыйзамсыз кылмыш иши козголгонун ырастаган чечимин чыгарып берди. Ошентип бул иш токтолду деп турсак, 20-августта Жогорку сот шаар сотунун чечимин жокко чыгарып, мени камакка алмай болушту.

Сот чечими чыккандан кийин 24-августта Э. Пак кайрадан Алматыга качат. Артында акчасын алдырган эки жарым миң аманатчы, иши токтогон төрт ири ишкана калат. «Renton Group» компаниясынын аманатчыларынын үстөк пайызы кошулган акчасы быйылкы жылга карата 197 миллион сомду түздү. Э.Пактын айтымында, компаниянын 750 миң доллар акчасын банкротко кабылган «Датка» корпорациясы кайтарбай кетти.

Эки жылдан кийин кайтып келген компания президенти оңор эмес акчаны жаңы долбоор негизинде иштөөчү бизнес-план аркылуу кайтарууну көздөөдө. Аманатчылардын тилегени – акчаны кайтарып берүү.

Улуу Атамекендик урушка катышкан 80ден ашуун ардагерлердин, майып аманатчылардын демилге тобунун башчысы Василий Плецков мындай дейт:

- Биз качан акчабызды кайтарып алабыз? Бул эң негизгиси. Буга 6,5 миллион сом талап кылынат.

Алданган аманатчылардын демилге тобунун башчысы Тамара Фесенко:

- Э. Пак аманатчылардын баары менен жолугушмакка макул болду.

Рысбүбү Төлөмүшева:

- Эми эки жылдын ичинде беребиз деп атышат. Бул кишиники да туура болуш керек. Ишенбешке айла жок. Андан бөлөк кыла турган максатыбыз да жок.

Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаров Э. Пакка үч айлык мөөнөт берилгенин, бул аралыктын ичинде ал аманатчылардын акчасын кайтарышы керектигин билдирди:

- Биз үч айлык мөөнөт бердик. Бүгүн ошол 197 миллион сомду өзүнүн аманатчыларына кайрып берем деп атат. Бүгүнкү күндө жолугушуу иштерин жүргүзүп жатат. Биз үч айга мөөнөт бердик. Болуптур, төлөп берсең төлөп бер, үч айдын ичинде төлөп берсең биз ишиңди кыскартабыз дедик.

Алдамчылык менен оңбогондой көп акча алып качып кеткен деп айыпталынып аткан Э. Пак жаңы өкмөттүн шартына көнүп, 197 миллион сомду кайтаруунун аракетине кирише турганын журналисттер үчүн берген маалымат жыйынында да ырастады.

XS
SM
MD
LG