БИШКЕК. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жана президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов экс-президент Аскар Акаевге 480 миң доллар берген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Башкы прокуратуранын иликтөөлөрүнүн натыйжасында Ысыккөлдүн мурдагы губернаторунун жубайы Каракол шаарындагы үйдү мыйзамсыз менчиктештиргендиги үчүн 2 млн. 200 миң сом, ал эми экс-президенттин иш башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Кубул Мамыркулов бюджетке 750 миң сом кайтарды. Башкы прокуратура тарабынан жалпысынан бюджетке 53 млн. сом кайтарылды. Бекназаровдун билдиргенине караганда, экс-президент Аскар Акаев ага адвокаттык коргоо көрсөтүү үчүн жалдаган Калифорниядагы «Клинтон енд Клинтон» юридикалык компанияны жалдагындыгы үчүн 50 млн доллар төлөдү деген маалыматтар бар. «Либерман» юридикалык компаниясы бул каражаттар кайдан, ким тарабынан төлөнүп жаткандыгы боюнча да иликтөө жүргүзөт.