Анжияндан Ташкенге кайтып келген өзбек президенти Ислам Каримов бүгүн журналисттер менен жолукту. Анын айтымында, Анжияндагы окуялар артында кыргыз ыңкылабын уюштургандар турат жана алар бийликти Кыргызстандагыдай кылып алмаштырууну көздөгөн. Кылмыштуу топ жергиликтүү акимиатты басып алып, телефон аркылуу туугандарын чакырган:
- Алар туугандарын, аялдарын, үй-бүлө мүчөлөрүн телефон аркылуу чакырып алып, имараттын алдына тирүү калкан катары үч жүздөй адамды тизип алган.
Президенттин айтымында, тополоңду 'Хизб ут-Тахрир' партиясы уюштурган, өлгөндөрдүн саны отуздун тегерегинде, алардын ичинде онго жакыны аскерлер, бирок ок атууга өкмөттүк күчтөргө эч ким буйрук берген эмес.