Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Бүгүн Тажикстандын президенти Имомали Рахмонов Ооганстанга үч күндүк визитин баштады


КАБУЛ. Ооганстан менен Тажикстандын президенттери маң зат аткесчилигине каршы биргелешип күрөшүүгө убада беришти. Бүгүн Тажикстандын президенти Имомали Рахмонов Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен жолугушуп, тараптар эки өлкөнүн орток мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган 11 келишимге кол койушту. Кол койулган келишимдердин арасында энергетика, билим берүү, соода, транзиттик жүк ташуу, дипломатиялык мамилелер менен терроризмге жана кылмыштылуулукка каршы күрөшүү тармактарындагы кызматташуу жөнүндөгү документтер бар. Жолугушуудан кийин Карзай:
Ооганстанда тынчтык өкүм сүрүүсүнөн Тажикстан да утушта болот, ал эми Тажикстандагы туруктуулук менен тартиптен бизге жакшы болот. Биздин кызыкчылыктарыбыз орток, биз эки эгиздей бир тууган элбиз,- деди.
Үч күндүк визитинин жүрүшүндө Рахмонов этник тажиктер отурукташкан Панжар жана Херат провинцияларына барат.

XS
SM
MD
LG