Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетин Эшим Кутманалиев уюштуруп, 13 жылдан бери башкарып келген. Былтыр жазында Эшим Кутманалиев кайрадан жаңыдан үчүнчү мөөнөткө шайланганына карабай декабрда чукул чакырылган конференция өткөрүлүп өлкөнүн бокс федерациясына жаңы президент болгон Айдар Акаев Улуттук олимпиада комитетине жетекчи болуп шайланган. Айдар Акаев 4 айдан бери бир жолу да улуттук олимпиада комитетине басып келбегени, Эл аралык уюмдар менен байланыштар солгундап кеткени айтылып, аны кызматтан бошотуп, ошону менен бирге Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлүгүнөн катарынан Айдар Акаевди, Николай Танаевди, Абакир Мамытовду, Өкмөтбек Алмакүчүковду чырарылган.Конференцияда мурдакы жетекчи Эшим Кутманалиев кайрадан Улуттук олимпиада комитетине президент кылып шайланган. Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү Болот Шерниязов, Жаныш Үрүстөмбеков, Мукар Чолпонбаев, Өкмөтбек Алмакүчүков, Ахмед Анарбаев «бул чукул чакырылган конференция мыйзамсыз» дешип залдар чыгып кетишкен.
Ал эми 5-апрелдеги спорт коомчулугунун жыйында ушул конференция олимпиадалык хартияны бузуу менен өткөрүлгөнү,Эшим Кутманалиев баштаган жетекчилерге ишеним жоктугун өлкөнүн дзю-до федерациясынын президенти Мукар Чолпонбаев айтты.
Ушундай талаш-тартыштын айынан спортчулар жабыр тартып келишкенин, өлкөдөгү башаламандыктан пайдаланып дагы бийлик талашуу башталганын, улуттук олимпиадалык комитетинин мүчөсү Анарбек Усупбаев айтып, өз пикирин мындайча билдирди:
- Булар дагы чыр чыгарып, мыйзамдуу өткөн конференциянын чечимдерин жокко чыгарууга аракет кылышууда. Айдар Акаевди олимпиадалык комитетке алып келгендер дагы ушулар эле. Эми Эшим Кутманалиевдин ишмердүүлүгүнө каршы болушса, дагы бир комитет түзбөй эле, тынчтык сүйлөшүү жолу менен деле маселени чечсе болмок. Алар бийликти ушундай мыйзамсыз жол менен алууга аракет кылышууда.
Кыргыз олимпиадалык кыймылында карыялар жаштарга кезек бербей, же өздөрү ишти жөндөп кете албай, спортчуларга жардам берилбей келатканын, Улуттук олимпиада комитетинин ишмердүүлүгү жашыруун, жабык жүргүзүлүп жүргөнүн өлкөнүн студенттик спорт ассоциациясынын төрагасы Шаршен Касенов айтуу менен мындай деди:
- 30-мартта Эшим Кутманалиев Улуттук олимпиада комитетинин уставынын жана олимпиадалык хартиянын негизинде туура эмес шайланган. Улуттук олимпиада комитети өз ишмердүүлүгүн ар дайым жабыкөткөрүп, жашырып келишкен. Анан дагы биздин аксакалдар, спорт ардагерлери ар дайым өсүп келаткан жаштарга жол бербей, ар убак бут тосуп келатканы өкүндүрөт. Кызматына, даражасына карабай иш билги сапатына кароо учур талабы.
8-апрелде баштала турган Сауд Арабиядагы Ислам мамлекеттеринин тилектештиги оюндарына Кыргызстандын командасын баштап бараткан Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев «Өлкөдө дагы бир Улуттук олимпиада комитетинин түзүлгөнү мыйзамсыз экенин, эгерде талаш- тартыш ырбай берсе Эл аралык олимпиада комитети Кыргызстанды мүчөлүктөн чыгарып салаарын эскертип мындай деди:
- 8-апрелден 20-апрелге чейин Сауд Арабия өлкөсүндө Ислам мамлекеттеринин тилектештиги оюндары спорттун 11 түрү боюнча өткөрүлөт. Кыргызстандык спортчулар жеңил атлетика, сууда сүзүү, фехтование, стөл тенниси,оор атлетика, баскетбол боюнча катышууга баратат. Андан кийин Иранда ислам өлкөлөрүнүн кыз-келиндеринин оюндары өткөрүлөт. 1994-жылы Тегерандагы биринчи оюндарда кыргызстандык кыз- келиндер командасы командалык эсепте биринчи орунду ээлеген. Ошондуктан мындай мелдештерге катышуубуз зарыл. Күзүндө Ташкентте Борбор Азиянын 6-оюндары болмокчу, буга да даярдык жок. Эмдиги жылы болсо, Катарда 15- Азия оюндары өткөрүлмөкчү, Кыргызстандын спортчулары бул таймашууларга да даярдык көргөн жок. 2008- жылы Пекинде болчу жайкы олимпиадалык оюндарга азыртан камылга көрүү керек эле. Кыргыз спортунун учурдагы абалы начар, келечеги туңгуюкка кулап баратат. Аны сактап калуу үчүн аракет кылгандын ордуна дагы бир улуттук олимпиада комитетин түзүү мыйзамга туура келбейт. Эл аралык олимпиада комитети Кыргызстандагы кырдаалды эске алып, убактылуу мүчөлүктөн чырарып салышы ыктымал. Анда Кыргызстандын кадыр- баркына доо кетип, спортчулар жабыр тартат. Бул жорук мени абдан өкүндүрөт.
5-апрелде 17 спорт федерациясынын өкүлдөрү жаңы Олимпиадалык комитет түзүштү. Анын президенттигине Нарын облусунун экс- губернатору, Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбеков шайланды.
Эми Кыргызстандагы улуттук олимпиадалык комитеттеринин талаш-тартышы дагы «Чубактын кунундай чубалаарын», мунун айынан спортчулар жабыр тартышы мүмкүндүгүн спорт адисттери айтышууда.