АКШнын коргоо министрлигинин ырасмий өкүлү Гордон Ингланд туткундардын иштери кайрадан каралып чыккандан соң, 38 киши “душмандардын согушкерлери” деген классификацияга кирбейт деген тыянак чыгарылган. Ингланд бошотула турган туткундардын аты-жөнү же улуттары тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Пентагондун комиссиясы 2004-жылы Жогорку сот Гуантанамо бэйдин туткундары АКШнын сотуна кайрыла алышат деп чечкенден кийин түзүлгөн.