АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, Америкага каршы террордук коркунуч дагы эле күчтүү:
- Жакында бизге келип түшкөн маалыматтарга караганда, Усама бин Ладен Абу Мусаб аз-Заркавиге кайрылып, террордук аракеттерди Ирактан тышкары да ишке ашырууга чакырды жана алар АКШнын аймагында да уюштурулушу мүмкүн. Биз бин Ладенди такай издөөдөбүз жана ал жашынууга аргасыз. Ошондой эле коалициялык күчтөр жана Ирактын коопсуздук кызматтары Заркавини дагы азыр такай издөөдө, - деди президент Буш.
Заркави - "ал-Каида" уюмунун Ирактагы бөлүмүнүн башчысы деп эсептелинет жана АКШ анын башы үчүн 25 миллион долар сыйлык жарыялаган.