Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

«МСНдин» нускалары жок кылынууда


БИШКЕК. «МСН» гетининин 23-февраль күнкү санынын 12 миң нускасы 25-февралда кечинде басмаканадан машине менен алынып кетип жаткан жерден мамлекеттик автоинспекция тарабынан конфискацияланды. Бул тууралуу 26-февралда «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким маалымдады:

- Бул маалымат каражаттарына карата жасалган кысым. Бийлик шайлоонун алдында окурманга болушунча азыраак маалымат жеткирүүнү көздөйт.

«МСН» гезитинин шаршемби күнү чыккан санында өлкөдөгү оор саясий кырдаал, экономикалык акыбал, президент Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү тармактар тууралуу макалалар, доктор Жеңишбек Назаралиевдин Кыргызстан атуулдарына кайрылуусу жана башка материалдар жарыяланган. 25-февралдан тарта «МСН» гезитинин интернет-баракчасы да иштебей калды.

XS
SM
MD
LG