Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Евробиримдиктин өкүлү Украинада жүрөт


Бүгүн Киевке Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Феррео-Валднер келди.
Украин тышкы иштер министринин орун басары Анатолий Кинах комиссар менен жолугшуусунан кийин кабарчыларга билдиргендей, тараптар виза режимин жеңилдетүү жана украин экспортунун көлөмүн көбөйтүүгө байланышкан сүйлөшүүлөрдү башташты.
Февралдын 21де болсо Брюсселде Евробиримдик менен Украинанын кызматташтык кеңешинин жыйыны өтөт.
Кеңеш Украинанын евроструктуралар менен кызматташуусун тереңдетүү бюнча биргелешкен долбоорду жактырат деп күтүлүүдө.
Шаркеттин расмий өкүлдөрү азырынча Украинаны биримдикке кабыл алуу маселеси каралбайт деп билдирип келатышат.

XS
SM
MD
LG