БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын ондон ашуун депутаты Шайлоо кодексинин 69-беренесине өзгөртүү киргизүү демилгеси менен Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасына кайрылышты. Аталган маселе аталган палатанын 17-январдагы отурумунда каралат. Бул тууралуу 13-январда Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Азимбек Бекназаров билдирди. Шайлоо кодексинин 69-беренесинде ар бир атуул парламенттик шайлоого катышуу үчүн соңку беш жылда Кыргызстандын аймагында жашаш керек деген эреже жазылган. Аткаруу бийлиги мындай эрежеге таянып Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү мурдагы элчилерин парламенттик шайлоого талапкер катары катталуусуна уруксат бербей келет.