Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Дүйнөлүк Банктын Директорлор кеңеши


Кыргызстанга $38,1 млн. берүүгө макулдук берди
БИШКЕК. Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 38,1миллион доллар каражат бермей болду. Буга Дүйнөлүк Банктын Директорлор Кеңеши дүйшөмбүдө макулдук берди. Бул каражат үч долбоорду ишке ашырууга жумшалат. Алардын ичинен агробизнес жана маркетинг долбооруна 8,1 миллион, айыл чарбасына 15 миллион, чакан шаарлардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө 15 миллион доллар чыгымдалат. Дүйнөлүк Банк - Кыргызстанга колдоо көрсөткөн ири каржы уюмдардын бири. Уюм грант жана кредит түрүндө 33 долбоорду каржылап, ага 718 млн. 28 миң доллар бөлгөн. Макулдашууларга ылайык Кыргызстан кредиттерди 10 жылдан кийин 40 жылдык мөөнөт менен төлөп кутулушу керек.

XS
SM
MD
LG