МОСКВА. Россиянын баш прокуратурасынын билдиргенине караганда, бизнесменден пара жеп, ага финансы министрлигинин ички маалыматарын саткан, деген кине менен шейшемби күнү министрликтин жооптуу кызматкери Денис Михайлов камакка алынды. Баш прокуратуранын айтымында, Эл аралык финансылык кызматташуу, мамлекеттик карыздар жана финансы эсептери бөлүмүнүн жетекчиси Михайлов бизнесмендерге берген маалыматы үчүн "Mercedes" үлгүсүндөгү автомашинелүү болгон. Билдирүүдө ошондой эле бул кылмыш иши боюнча эки бизнесмендин камакка алынгандыгы айтылат.
Россиянын финансы министрлигинин жооптуу кызматкери пара алды деген айып менен камакка алынды