Өлкөдө эл аралык туристтик форум, жармаңкелер өткөрүлүп, чет өлкөлүктөр кыргыз жергесине кызыгып, келе башташты. Алар Кыргызстандын кооз жаратылышы, туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө дүйнө коомчулугуна кабарлап, бул аймакта альпинизмди, аңчылык туризмди, экологиялык туризмди, тобокелге баш байлаган рафтинг мелдештерин уюштурса болоорун белгилеп жүрүшөт. Буга күбө - былтыр Кыргызстанда өткөн экстремалдык спорт боюнча дүйнө чемпионаты болду. Туризмдин мындай өзгөчөлөнгөн түрлөрү, жагдайы болбосо Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн келиши кыйын.
Ысыккөлдү сактоо жана туризмдин өнүктүрүү багытында мыйзам кабыл алынган. Ушул мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Жангороз Каныметов мындай дейт:
- «Жаратылышта сейрек кездешүүчү Ыссыкөл - бул туюк экосистеманын бири болуп саналат. Өзүн-өзү сактоо, тазалоо боюнча да көлдүн чоң касиети бар. Ошентсе да жер-суусу, абасы теңсалмактуулукту кармап турушу зарыл. Кээде бир теңсалмактуулук эле бузулса, Ысыккөлдө экологиялык өтө оор шарт пайда болушу мүмкүн. Себеби көп жылдан бери көлдүн балыгын көртирликтин айынан кургатып да, тирүүлөөй да сатып бүтүшүүдө. Кышында токойлору да кыйылып кетүүдө. Ошон үчүн бул мыйзамда көлдүн тегерегиндеги карагайлар да, суусу да, абасын да сактоо үчүн, жолдо жүрүү транспорттор боюнча да нормалар каралган. Суунун, абанын балансын сактоо да зарыл. Курулуп жаткан эс алуучу жайлардын экологияга терс таасирин тийгизбей, жашылдандыруу маселеси биринчи орунга коюлган. Туризмди өнүктүрүү боюнча да көп маселелердин башын чечүүгө аракеттер көрүлгөн. Эгерде азыркыдай жапайы туризм, эс алуучуларды күчөтө турган болсо, анын да зыяны бар. Ысыккөлгө өзгөчө статус берилип жатат. Себеби бул дүйнө кереметтеринин бири. Мыйзамды аткарууну колго алып, жөнгө алсак, Ысыккөлдүн өнүгүүсүнө, туризмдин келишине чоң өбөлгө түзөт.
Быйыл Ысыккөлгө эки ирет эс алып келген Түркиянын атуулу, «Жиган» маалымат агентигинин жетекчиси Атыф Ала жылдагыдан тейлөө кызматынын сапаты жогорулаганын белгилеп, мындай деди:
- Туризм келечекте Кыргызстандын экономикасынын бирден бир кирешелүү тармагына айланышына негиз бар. Бирок ал үчүн дүйнөлүк стандартка жооп бере турган инфраструктуранын деңгээлин камсыз кылуу зарыл. Жергиликтүү эл дагы туризмдин маани-маңызын түшүнүп калды. Жайкы эс алуу мезгилинде ысыккөлдүктөр туристтерди кабыл алуу менен киреше таап, үй-бүлөсүн багып жатат. Ысыккөлдө эс алуу туризми калыптанып келатат.
Туристтик сезон Кыргызстанда июнь-октябрь айларына эсептелгени менен күрдөөлдүү учур июль- августка гана туш келет. 2-3 ай гана Ысыккөл үчүн кирешелүү убакыт. Быйыл Ысыккөлгө 400 миңдей чет өлкөлүк турист келип эс алганын жергиликтүү калктын өкүлдөрү да айтышууда.
Быйылкы эс алуу тууралуу Ысыккөл районундагы Алманбет Төрөгелди атындагы таза кандуу жылкы чарбасынын жетекчиси Абдымалик Акматбаев мындай дейт:
- Ысыккөлдү биз көздүн карегиндей сактап, Анталиядай тагдырга туш кылбай, экологиясын эске алып, элитардык туризмди өнүктүрүшүбүз керек. Жайкы сезонго жеке сектор да мыкты даярдык көрүп, туристти тейлөөнүн маданиятын жогорулата баштады. Жергиликтүү эл жумушсуз болгондуктан жайкы учурдан пайда таап калууну көздөп, эс алуучуларга жакшы шарт түзүүнү колго алышып, туризмдин маани- маңызын түшүнүп, көз караш өзгөрдү.
Чынында Ысыккөлгө келип-кеткен туристтердин так санын билүүгө да мүмкүн болбой жатат. Быйыл көлгө болжол менен 1 миллионго жакын адам келип, эс алды деген маалыматтты Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетиндегилер айтып жүрүшөт. Бирок учурда быйылкы эс алуунун жыйынтыгын чыгаруу да эрте дешүүдө.
Германиянын ишкерлери, фирмалары Ысыккөлдөгү 5 долбоорду каржылоо үчүн 2,5 млрд. доллардык инвестиция бөлүүгө ниет кылышууда. Жапан күн чыгыш өлкөсү дагы Ысыккөлгө көз кырын салып, бул аймакта туризмди өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп чыгууга макулдук берүүдө. Агахан кору да Ысыккөлдөгү туризмди өнүктүрүү долбоорлоруна каражат бермек болууда. Бул жагдай Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө, инфраструктуранын жакшырышына шарт түзмөкчү.