Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Соттордун республикалык кеңешмеси болот


БИШКЕК. 4-июнда Бишкекте соттордун республикалык кеңешмеси болот. Ага мамлекет башчы Аскар Акаев катышат. Жогорку соттон алынган маалыматка караганда, отурумда сот тармагын реформалоо маселеси каралат. Мамлекет башчы Аскар Акаев буга чейин өлкө калкынын сексен пайызы сотторго ишенбей тургандыгын билдирген. Ал эми Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, учурда өлкө калкынын токсон тогуз пайыз сотторго ишенбейт. Өткөн апта соңунда президенттин кеңешчиси профессор Андерс Ослунд Кыргызстанда сот системасы коррупциялашкандыгын белгилеп, андай абалдын чыгуу үчүн судьяларды шайлоону сунуштаган.

XS
SM
MD
LG