Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Либерияда уруш токтобой жатат


Уруштар өлкөнүн мурдагы президенти Чарльз Тейлор эл аралык коомчулуктун кысымы астында кызматын өткөрүп, кечээ коңшу Нигерияга сүргүнгө кеткенине карабай уланууда. Утурумдук мамлекет башчылыгына келген мурдагы вице–президент Мозес Бла өз ордун козголоңчулардын өкүлүнө сунуш кылды. Мозес Бла өлкөнү 2-октябрга белгиленген шайлоого чейин башкарышы керек. Бирок козголоңчулардын лидерлеринин бири Секу Фофананын билдиргенине караганда, алар президенттикти алып, өткөөл өкмөттү өздөрү башкарууну көздөйт. Өлкөнүн коргоо министринин айтымында, козголоңчулардын айрым бөлүктүрү өкмөт аскерлери менен башкалаа Монровиянын аба майданына жакын жерде салгылашууда. АКШнын аскерий кемелери Либериянын жээктеринде турат, бирок аскерлер өлкөгө кирүүгө буйрук ала элек.

XS
SM
MD
LG