Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Зеленский Украинада өндүрүлгөн алгачкы баллистикалык ракета сыноодон өткөрүлгөнүн билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Президент Владимир Зеленский Украинада өндүрүлүп чыгарылган алгачкы баллистикалык ракета сыноодон өткөрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 27-августта Киевде өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди. Азырынча бул сыноонун чоо жайы белгисиз.

Украина ошондой эле кыска аралыкка сокку ура алчу "Хрим-2" баллистикалык ракетасын өндүрүүнүн үстүнөн иштеп жатканы маалым болду. 25-августта Зеленский украиндердин "Поляница" (украинче "Паляниця") деген ракетасы бардыгын ырастаган. Украин президенти аны согуш куралдарынын "жаңы үлгүсү" деп атаган.

Киев Батыш мамлекеттеринен Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн узак аралыктагы ракеталарды колдонууга уруксат сурап келет.

Мындай чакырыкты Зеленский 26-августта өлкөсү орус армиясынын жапырт аба чабуулуна кабылгандан кийин дагы бир ирет кайталап, Баатыштагы лидерлерди "батыл чечим" кабыл алууга чакырды.

Зеленский ошондой эле жыйын маалында Киевдин Орусия менен согушту токтотуу планы бар экенин, аны Американын кийинки президенттигине ат салышып жаткан талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харриске бере тургандыгын кошумчалады.

Мамлекет башчынын айтымында, украин армиясынын Орусиянын Курск облусундагы аскер амалдары бул пландын пункттарынын бири болуп саналат. Украин армиясынын бөлүктөрү Орусиянын Курск облусуна 6-августта кирип барган. Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин айтымында учурда алар 100 калктуу конушту өз көзөмөлүндө кармап турушат. Президент Зеленский Курск аймагындагы аскердик чаралардын башкы максаты - Орусиянын аймагын басып алуу эмес, коопсуздук үчүн "өткөөл аймак" ("буфердик зона") гана түзүү экендигин баса айткан.

Орусия Украинанын айрым аймактарын 2014-жылдан бери мыйзамсыз басып алган. Ал эми 2022-жылдын 24-февралынан тартып Орусия эгемен Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согушту жүргүзүп келет.

Дүйнөлүк коомчулук Оруссиянын бул баскынчыл согушун терең айыптап, расмий Кремлди согушту дароо токтотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG