Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Германиядагы кол салуу: кыргызстандык делген өспүрүмдүн тек-жайы такталууда


Германиянын Золинген шаары. 2024-жыл, 24-август.
Германиянын Золинген шаары. 2024-жыл, 24-август.

Германиянын Золинген шаарындагы кол салуудан кийин 15 жаштагы кыргыз жараны кармалганы тууралуу маалымат немис медиасында жарыяланды. Бирок расмий эч бир тарап бышыктай элек. 23-августта фестивалга чогулгандарга белгисиз бирөө бычак менен кол салганда үч киши набыт болуп, сегиз адам жаракат алган.

Дүйшөмбүдө немис өкмөт башчысы каргашалуу окуя болгон жерге барып, кол салуунун курмандыктарын эскерди. Канцлер Олаф Шольц мыйзамсыз миграцияга каршы чара көрүүгө, башкалка берүүнүн шарттарын катаалдаштырууга убада берди.

Олаф Шольц
Олаф Шольц

"Бул - терроризм. Бизге каршы, биздин жашообузга, биздин биримдигибизге коркунуч жараткан терроризм", - деди Шольц.

Казакстандык Елена Хартман Германиянын Золинген шаарында жашайт. Ал 23-август күнү үй-бүлөсү менен шаардын 650 жылдык мааракесине арналган фестивалга барган.

"Ал күнү биз курбум менен шаардын мааракесине барганбыз. Ошол терракт болгон жерден анча алыс эмес элек. Бир убакта ызы-чуу түшүп, кеткиле деген кыйкырыктар болду. Дароо кетип калдык. Кудай сактап, биз күбө болгон жокпуз. Кийин жаңылыктардан бир нече киши өлгөнүн уктук. Кечээ шаарда качкындарга каршы нааразылыктар орун алды. Азыр шаарда абал тынч. Мурункудай эле иштеп жатабыз", - деди ал.

Хартман айтып жаткан окуя 23-августтун кечинде Германиянын батышындагы Золинген шаарында болгон. Майрамдык салтанат учурунда шаар тургундарына белгисиз адам бычак менен кол салган. Андан үч киши набыт болуп, сегиз адам жаракат алган. Маалыматка караганда, 67 жана 56 жаштагы эки эркек жана 56 жаштагы аял каза болгон. Сегиз адам жабыркап, алардын төртөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Ишемби күнү немис полициясы Золингендеги окуяга байланыштуу 15 жаштагы өспүрүмдү кармаган. Ал "негизги шектүү менен сүйлөшкөн жана анын ниети тууралуу полицияга маалымат берген эмес" деп шек саналып жатат. Немис басылмалары өспүрүм качкындар жатаканасында жашаган кыргыз жараны экенин жазышкан.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги Золинген шаарындагы кол салууга байланыштуу 15 жаштагы кыргыз жараны кармалганы тууралуу немис медиасы жарыялаган маалымат такталып жатканын,
каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жоктугун билдирди.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү немис бийлигине маалымат сурап кайрылганын "Азаттыкка" айтты:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

"Окуя боюнча Германиянын Франкфурт шаарындагы консулдук иш алып барып жатат. Германиянын расмий органдарынан биз түшүндүрмө сурадык. Дем алыш күндөргө туш келгендиктен жооп боло элек. Азыр күтүп жатабыз".

Немис бийлиги Золингендеги кандуу кол салууга жооптуу экенин айткан негизги шектүү, 26 жаштагы сириялык качкын полицияга багынып бергенин билдирди. The Associated Press жаңылыктар агенттиги жазгандай, полицияга өзү келген сириялык жаран буга чейин немис өкмөтүнөн баш калка сураган. Немис басылмалары шектүү Германияга 2022-жылдын аягында келгенын жазды. Былтыр 2023-жылдын июнь айында аны депортациялоо аракети ишке ашкан эмес.

Маалымат жыйын учурунда прокуратура бул окуянын "террористтик максаты" бар экенин жокко чыгарбай турганын айтты. Тергөөнү жетектеп жаткан башкы прокурор Маркус Касперс "окуя ушундай шек жаратып жатканын, анткени жабырлануучулардын бири-бири менен эч кандай байланышы жок экенин" белгиледи. Прокурордун айтымында, кылмыштын башка мотиви каралган жок.

Ал тапта "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Золингендеги кол салууга жоопкерчилик ала турганын жарыялаган. Бирок бул топ өз билдирүүсүн бышыктай турган эч кандай далил көрсөткөн жок.

"Германиянын Золинген шаарындагы христиандардын иш-чарасында кол салган адам "Ислам мамлекетинин" согушкери болгон, бул аракетин Палестинада жана башка жерлердеги мусулмандар үчүн өч алуу катары жасаган", - деп айтылат ИМге караштуу Amaq агенттигинин билдирүүсүндө.

Германиядагы окуя бул өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктар арасында талкууланып жатат. Золингендан анча алыс эмес жайгашкан Көлн шаарында жашаган активист Гүлмайрам Чигдем буларды айтты:

"Акыркы жылдары мигранттарга байланыштуу ар кандай маанай байкалып жатат. Айрыкча Германиянын чыгышында андай маанай күч. Кечээги окуядан кийин нааразылыктар болгонун уктук. Демек, ушул өндүү окуялардын мигранттарга залакасы тиери анык. Ошол эле учурда мигранттар арасында ал паспортту алган, документте гана кыргыз жараны болушу ыктымал деген ойлор айтылып жатат. Биз да улам немис маалымат каражаттарын карап жатабыз".

Германияда расмий маалымат боюнча 10 миң, расмий эмес маалыматтар боюнча андан көп кыргызстандык жашап, иштейт.

Былтыр жайда Германия менен Нидерландда теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен кыргызстандык, тажикстандык, түркмөнстандык жарандар кармалган. Алар бири-бирин көптөн бери билгени, ал жакка Украинадан согуш башталгандан көп өтпөй барышканы кабарланган.

2015-2018-жылдары Европа мамлекеттериндеги бир катар шаарлардагы кол салуулардан ондогон жайкын тургундардын өмүрү кыйылган. Ал теракттардын дээрлик баарына "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

Кыргызстандын соту "Ислам мамлекети" тобун 2015-жылы террордук жана экстремисттик уюм деп таап, ишмердигине тыюу салган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG