21-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаев Кыргызстандагы эл аралык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга конституциялык реформа жөнүндө маалымат берди. Жолугушууга эл аралык бейөкмөт «Каунтерпарт консорциумдун», АКШнын Улуттук демократиялык институтунун, «Сорос-Кыргызстан» фондунун, «Интерньюстун», адам укуктары боюнча Бюронун жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Курманбек Осмонов Эксперттик топ иштеп чыккан Конституциянын жаңы редакциясындагы Конституциялык Сотко кайрылуу жана президенттин абсолюттук вето коюу укугу боюнча өзгөрүүлөр бар экенин маалымдап, Конституциянын жаңы редакциясы жаңы Конституция кабыл алуу катары эсептелбесин билдирген. «Каунтерпарт консорциумдун» өкүлү Эркина Убышеванын шаршембидеги билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда Улуттук демократиялык институттун өкүлдөрү Конституциянын жаңы редакциясына «басма сөз эркиндиги» кирбей калганын терс баалаган.