Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

Кыргызстан Орусияга жөнөткөн гумжардам Оренбургга жетти


Орусиянын министри Александр Куренков Кыргызстандан гуманитардык жардам ташып барган топту тосуп алып жаткан учуру.
Орусиянын министри Александр Куренков Кыргызстандан гуманитардык жардам ташып барган топту тосуп алып жаткан учуру.

Кыргызстан Орусия Федерациясынын суу каптоодон жабыркаган аймактарына жиберген гуманитардык жардам Оренбург облусуна жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жардамды Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри Александр Куренков тосуп алган.

Куренков кесиптеши, Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен телефон аркылуу байланышканда “кыргыз элинин бул жардамы эсибизде түбөлүк сакталат" деп айткан.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардам Кыргызстандан 20-апрелде жөнөп кеткен. ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 20 жүк ташуучу (фура) автоунаадан турган “Жардам кербени” Казакстан аркылуу өттү.

Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды.

Тамак-аш азыктарынын ичинде ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире (сок), таттуу азыктар, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер. Турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомуна суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр, кийим-кече топтомуна чоңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобелье), резина өтүк жана башка нерселер бар.

Орусиянын Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунун Орск шаарынан башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жеткен. Күн жылып, кар эрий баштагандыктан, Урал жана Тобол дарыяларында суу ташкындап жатат. Томск облусундагы Том дарыясында суунун деңгээли төмөндөгөнү менен, Об дарыясында көтөрүлүп жатканы маалым болду.

26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Айрыкча оор абал Атырау облусунун 65 миң калкы бар Күлсары аймагында түзүлгөн.

Кыргызстан коңшу Казакстанга да эки ирет гуманитардык жардам жеткирди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG