Оштогу Жаңы-Маала айылында акыркы жылдары өзгөрүү арбын. Айыл тургундарынын көбү муниципалдык ишканаларга ишке кирип, жаштары билим алып, ар кыл кесиптин ээси болууга умтулууда. «Данисте» лөлү тектүүлөрдүн бүгүнкү жашоо-турмушу тууралуу баяндайт.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү тарыхчы, илимдин доктору, профессор Анварбек Мокеев тарыхый булактардын изилдениши же булак таануу тууралуу сөз кылды. Ал соңку убакта тарыхый булактарга негизделбеген бурмаланган тарых көп жазылып жатканын сынга алды.
Немис драматургу Бертольт Брехттин айрым чыгармалары кыргыз тилине которулуп, сахнада коюлуп жүрөт. Жакында эле "Учур" театры "Өлөрман эне жана анын балдары" пьесасын көрүүчүлөргө тартуулады. "Тандалма аңгемелер" берүүбүздө автордун "Жолу жок кемпир" чыгармасы тууралуу кеп кылабыз.
18-21-июнь күндөрү өткөн “Ысык-Көл форумуна” келген көрүнүктүү кытай жазуучусу , Нобелдин лауреаты Мо Ян “Азаттыкка” ат жалында маек куруп, Кыргызстан жана Айтматов тууралуу, дүйнөдөгү глобалдык көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп берди.
18-21-июнь күндөрү өткөн “Ысык-Көл форумуна” келген көрүнүктүү кытай жазуучусу, Нобелдин лауреаты Мо Ян “Азаттыкка” ат жалында маек куруп, Кыргызстан жана Айтматов, дүйнөдөгү глобалдык көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп берди.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Улукмырза Полотов дүйнөдөн кайтты.
Улуттук консерваториянын профессору, Кыргыз Эл артисти Улукмырза Полотов быйыл 80 жашка чыкты.
Аялдарга зомбулукту баяндаган “Курак” фильми Кыргызстанда көрсөтүлбөйт. Буга “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунун прокаттык каттоо күбөлүгүн берүүдөн баш тартканы себеп болгон.
Борбор калаада 7-июндан бери IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтүп жатат. Анын алкагында Борбор Азия жана чет элдик режиссерлор тарткан тасмалардын сынагы өтөт. Бул жылкы фестивалдын кадырлуу коногу француз актрисасы Одри Тоту болду.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсан Алымкул Асан уулу (1831–1865) тууралуу белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен талкуулайбыз.
Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын идеясынын негизинде "Кассандра" аттуу хоррор тасма тартылды. Фильмдин режиссеру Бекзат Пирматов. Анын буга чейин тарткан "Аврора" аттуу тасмасы бир катар эл аралык сыйлыктарды жеңип алган.
Бишкекте Жогорку адабий курстун алгачкы бүтүрүүчүлөрү 3-4-июнда дипломдук иши катары жазган чыгармаларын жакташты. Алар курста эки жылдай окуп, бул аралыкта адабият тууралуу кенен түшүнүк алып, чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүшкөн.
Дагы жүктөңүз