Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:45

Турабеков: Витамин жетпеген адамдар ачууга бат алдырат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы жылдары тармактык маркетинг аркылуу витаминдер, биологиялык активдүү кошулмалар (БАК) көп сатыла баштады. Бирок анын баары эле пайдалуубу? Эмнеге топурак жеп, кара чайды көп ичпеш керек? Бул жана башка орчундуу суроолорго дарыгер Бекжан Турабеков жооп бермекчи.

Бекжан Турабеков - И.Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын педиатрия факультетинин бүтүрүүчүсү. Практикалык камылгасын Түркия жана Орусиядан жакшырткан. Учурда социалдык тармактар аркылуу элге медициналык маалыматтарды түшүндүрүп келет. Жакында эле “Витаминдер тууралуу чындык” аттуу көлөмдүү китеби жарык көрдү.

Витаминдерди кантип туура ичүү керек?

- Бекжан мырза, жакында “Витаминдер тууралуу чындык” аттуу китебиңиз жарык көргөн экен. Кепти ушундан баштасак. Аны жазууга эмне түрткү болду?

- Китепти жазуума элдин суроо-талабы түрткү болду. Эл витаминдер тууралуу кыргыз тилиндеги маалыматка муктаж экен. Бир жылга чукул убакытта жаздым. Буга чейин да ушундай китеп жазган элем. Андагы маалыматтар акыркы жылдардагы гайдлайндар, клиникалык изилдөөлөрдүн негизинде жаңыланды.

Бекжан Турабеков.
Бекжан Турабеков.

Биздин организм түрдүү макро жана микроэлементтерден турат. Айрыкча, макроэлементтер организм үчүн маанилүү, анын ичине витаминдер да кирет. Эндокриндик, булчуң, кан айлануу, тамак-аш сиңирүү - деги койчу, организмибиздеги бардык системалар идеалдуу иштеши үчүн витаминдердин мааниси чоң.

Бирок бир нерсени эске алуу керек. Адам баласы витаминдерди көбүнчө тамак-аштан алат. Биз жеген азыктарда керектүү витаминдер бар. Витаминди лабораториялык анализдердин негизинде гана ичүү керек. Айталы, гиповитаминоз, авитаминоз учурларында (бул патологиялык абалдар), дарыгердин көрсөтмөсү менен гана колдонуу кажет.

Азыркы учурда оңду карасаң деле витамин чыгаргандар, солду карасаң дагы ошолор. Тармактык бизнес менен алектенгендер да ошентип иштеп жатышат. Тилекке каршы, мындай манипуляциялар адам баласы үчүн кооптуу.

- Жөн эле алып ичип турса болбойбу, ал дары эмес да? Суук тийип ооруп калганда деле дарыгерлер БАК жазып берет го.

- Биздин элде “витаминди каалаганда ичсең болот, анткени зыяны жок” деген түшүнүк орноп калган. “В6 витаминин алып койсоң, жакшы болуп каласың. Сасык тумоо учурунда С витаминин ичип кой” деп айта беришет. Бирок бул айтылгандар клиникалык жактан тастыкталган эмес.

Дарыгер жазып берип жатса, андан “бул витаминди эмне үчүн сунуштап жатасыз?” деп сураш керек. Кээде кайсы бир препаратты сиңирүү үчүн кофактор катары жазып беришет. Кээ бир дарыгерлер өзүнүн мыкты адис экенин далилдөө үчүн убактылуу натыйжа бере турган витаминдерди сунуштап коюшат. Бейтап аны алганда өзүн убактылуу жакшы сезиши мүмкүн. Бирок анын боору, бөйрөгү эмне болуп жатат? Көрсөтмөсү жок витаминдерди ичүү, айрыкча сайдыруу өтө кооптуу. Витаминди жетишсиздиги өтө төмөн деңгээлге түшүп калганда гана сайдыруу керек.

Эгер дарыгер болбой эле кайсы бир витаминди сунуштаса, анын NSF сертификаты бар-жогун билүү керек. Бул бирикме өткөн кылымдын 40-жылдары АКШда түзүлгөн. Витамин, БАК, түрдүү кошулмалардын сапатын изилдешип, 130дан ашык өлкөдө өз ишмердигин жүргүзүшөт. Бирок мындай сертификаты бар витаминдер биздин рынокто саналуу.

- Витаминди кантип туура ичиш керек?

- Жогоруда айтып кеткендей, алгач анализдердин жыйынтыгын көрөбүз. Эгер жетишсиз болсо ар бир адамга индивидуалдуу дозаны тандайбыз. Ал дозаны отуз күн ичет. Отуз күндөн кийин дагы витаминдерге анализ тапшыртабыз. Витаминдерди ичүүнү улантыш керекпи, улантсак, кандай дозада беребиз дегенди ошого жараша чечебиз.

Маектин аудиосун бул жерден толук уга аласыз

D витамининин касиети

- Адамдын организмине эң керектүү витаминдер кайсылар?

- Холекальциферол же D витамини. Кыргызстанда бул витаминдин жетишсиздигинен жабыркагандар көп. Мага кайрылган ар бир бейтапты изилдегенде D витамининин жетишсиздиги аныкталат. Бул биздин организмибиздин ишине таасир этет. Андыктан ушул витаминди алдын алуу өлчөмүндө, жетишсиз болсо, дарылоо өлчөмүндө ичип жүрүү керек.

- D витаминин кальций менен чогуу ичиш керек деп айтып жүрүшпөйбү...

- Негизи бул туура эмес түшүнүк. Көпчүлүк учурда кальций биздин организмде жетиштүү эле болот. Эгер организмде кальций аз болсо, биринчи жасай турган кадамыбыз – D витамининин өлчөмүн калыбына келтирүү. Себеби кальций D витамини жок болсо сиңбейт. Экөөнү чогуу ичсек, кальцийдин сиңимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан адегенде D витаминин калыбына келтирип, анан кальцийди ичебиз. Бирок 99% учурда адамда кальций жетиштүү болот. “Кальций ичиш керек. Ал сөөктөр үчүн өтө керек” дегени - көп сатуу үчүн айтылган сөздөр.

- D витамини балыктын майында болору айтылып жүрөт. Күн нурунан да алса болот дешет...

- D витаминине эң бай азыктар - боор, сүт, жумуртка, эт. Ушул азыктардан деле D витаминин жеткиликтүү алса болот. Күндөн дагы алса болот. Ал терибизде синтезделет. Бирок күндөн алуу үчүн жарым жылаңач болуп 4-5 саат сыртта жүрүш керек. Ошондо да адам күнүмдүк керектүү витаминдин жарымын алышы мүмкүн. Тилекке каршы, биздин заманда андай кылууга мүмкүн эмес. Балдар дагы мурдагыдай эшикте ойнобой калды. Экинчиден, күн нурунан алганды дагы билиш керек. Эшикке чыга турган атайын убак болот. Кээ бир адамдар D витаминин алам деп чак түштө чыгып алышы мүмкүн. Мындай учурда витамин албай эле, организми талкаланат. Ультракүлгүн нурлары терс таасир этип, тери рак оорусуна чалдыгышы мүмкүн.

- Эгер D витамини жетишпесе, организмде кандай өзгөрүүлөр болот?

- Булчуң-сөөк системасында түрдүү маселелер болушу мүмкүн. Жогоруда айткандай, D витамини жетишсиз болсо, кальций сиңбей калат. D витамини зат алмашуу процессине түздөн-түз катышат. Мисалы, жеген тамагыбыз жакшы сиңбейт, эндокриндик, нерв системабыз, уйкубуз, теринин функциялары начарлайт. Бөйрөктүн, боордун ишине терс таасир тийгизет. Чоңдордо остеопороз (сөөктүн борпоң болуп калышы) же остеомаляция, ал эми кичине балдарда итий ооруларын пайда кылышы мүмкүн.

Кээде организмдеги D витамини ченемден ашып кетиши мүмкүн. Андай учурда ууландыруучу эффект берип, адамдын бооруна, мээсине терс таасир этиши ыктымал. Бирок статистикалык изилдөөлөрдү карасак, D витаминине ууланып, гипердоз болуп өлгөндөр өтө эле аз.

- Витамин жетишсиздиги адамдын маанайына, жүрүм-турумуна таасир этеби?

- Адам баласынын нерв системасына В1, В6, В5 витаминдери таасир этет. Булар жетишсиз болсо, адам жабыгып, туталанып, бир нерсеге көңүл буруусу, эс тутуму начарлайт. D витамининин жетишсиздиги эркектин маанайына таасир этип, жыйынтыгында ар кандай агрессивдүү абалдарды чакырышы ыктымал. Түрдүү патологиялык абалга да алып келиши мүмкүн.

- Чач түшө баштасачы?

- Бул витамин эмес, минералдар, мисалы, темир жетишпеген учурларда болот. Бетте тактар пайда болуп, чачтын түшкөнү – анемиянын белгилери. Ниацин жетишпегенде дагы ушундай болушу мүмкүн. B3 витамини жетишегенде, пеллагра деген оору пайда болушу мүмкүн.

Мителер тууралуу миф

- Дарыгерлердин айтымында, төрөтү оор болгон аялдардын көбүндө анемия же аз кандуулук дарты бар экен.

- Анемия азыр кош бойлуу эмес аялдарда дагы, балдарда да чыгып атат. Бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө глобалдуу маселеге айланды. Эгерде бизге темир жетишпесе, дем алган аба, жеген азыктар клеткаларыбызга жетишпей кала берет. Клеткалар ачка болуп, органдарыбыздын иштөөсү начарлайт. Чачыбыздан баштап, тырмагыбыздын учуна чейин түрдүү патологиялык абалдарга кабылат. Азыр мага кайрылган ар бир аялдан, жаш баладан анемияны аныктап жатабыз. Айрыкча темир жетишсиздигинен келип чыккан анемия. Ошондуктан ар бир аял, ар бир эне баласына, өзүнө туура кам көрүп, анализдерди тапшырып, жыл сайын текшерүүдөн өтүп турбаса, элдин саламаттыгы эч качан жакшырбайт. Мен муну 100% ишеним менен айта алам.

- Гемоглобиндин көрсөткүчү төмөн болгондо адегенде организмди тазалоо үчүн мителердин дарысын жазып беришет го... Мителер да себепкер болобу аз кандуулукка?

- Анемиянын үч түрү бар: В12, В9 витаминдери анан темир жетишсиздигинен пайда болгон анемия. Адегенде кайсы түрү экенин так аныкташ керек. Сөзсүз түрдө ферритин, фолий кычкылы, В12 витамини боюнча анализ тапшырган оң. Кайсы түрү экенин билип алгандан кийин, дарыгерде бейтапта курт бар деген күмөн ой пайда болсо, ПЧР ыкмасы менен текшерип, аныкташ керек. Мите курттарга каршы дарыларды билбей туруп жазуу өтө кооптуу, анткени алар уу, баланын бооруна, бөйрөгүнө, нерв системасына зыян келтирет. Көпчүлүк кесиптештерибиз иммуноглобин Gни текшерип алып эле альбеназол, мебендазол деген кооптуу дарыларды жаза беришет.

- Дарынын ордуна биологиялык активдүү кошулмаларды жазып берсечи?

- БАК 1% жардам бербейт. Ал дары эмес болсо дагы, түрдүү чөптөрдүн кошулмасы болушу мүмкүн. Балага берилген дары, витаминдер - бул момпосуй же шоколад эмес. Бул химиялык элемент. Аны берүүдөн мурда ар бир ата-эне жети өлчөп, бир кесиш керек. Азыркы заманда ар бир адам сынчыл ой жүгүртүшү зарыл. Айрым дарыгерлер айлыктын аздыгынан түрдүү фармакологиялык компаниялар менен иштешип жатат. Мындай учурда ар бир ата-эне текшерип, башка дарыгерлердин дагы пикирин укканы оң.

- Ичтеги мителер жөнүндө айтып калдык. Мителердин активдүүлүгүн баса турган кайсы элементтер бар? Мисалы, цинкке бай деп ашкабактын данегин сунуштап жүрүшөт.

- Мителердин активдүүлүгүн баса турган бир дагы элемент жок. Аны биздин иммунитет гана баса алат. Мителер биз менен өмүр бою жашайт. Аларды жок кылууну эмес, иммунитетти жакшыртууну ойлонуш керек. Туура тамактанып, гигиеналык ченемдерди сактап, жашоо мүнөзүбүздү жакшыртып, анемияны алдын алып, жетишсиз витаминдерди толуктап, иммундук системаны жогорулатсак, мителер өзүнөн өзү эле организмде өлө берет.

Сельдерейдин ширеси пайдалуубу?

- Азыр интернеттен кыз-келиндердин сельдерейдин ширесин көп жарнама кылганын көрүп калам. Токсиндерден, шлактардан тазалайт дешет. Эки-үч жыл мурда брокколи, шпинатты жарнамалагандар көбөйүп кетти эле. Ушуга дарыгер катары кандай баа бересиз?

- Акыркы эки жылдагы клиникалык изилдөөлөрдө эң көп ооруга кабылгандар, тескерисинче, ушинтип жалаң брокколи, сельдерей, шпинат жегендер болуп жатат. Айрыкча брокколи эндокриндик системага таасир этип, калкан безинин иши бузулары байкалган.

Ошондуктан азыр окумуштуулар брокколини ашыкча колдонбоого чакырууда. Ооба, бул жашылча бардык адамдарда калкан безинин оорусун чакырат деп айта албайбыз. Бирок күн сайын эле тазаланам деп брокколи жеп, сельдерейдин ширесин иче берүү да болбойт. “Мына менин организмим тазаланды, сонун болуп калдым” дегендерге таптакыр ишенбеш керек. Алардын жашоо таризи жакшы болушу мүмкүн.

Сельдерей ичип жакшырбай эле, тескерисинче, абалы начарлап кеткен канча бейтапты көрдүм. Башында плацебо эффекти болот берет. Адам өзүн жеңил сезип, “ичим тазаланып жаткан турбайбы” деп ойлойт. Бул клечатканын таасири. Сельдерей, брокколи ж.б. чөп-чарларды жашартуучу сыйкыр эмес, жөн гана азык катары колдонолу. Витаминдер тууралуу китебимде шпинат, сельдерей, брокколи ж.б. жашыл азыктарга токтолгом. Аларды азык катары кантип колдонууну жазгам. Аларды күн сайын жебей, кээ бир учурда тамакка кошуп, салат кылып жесе пайдалуу, албетте.

- Апельсин, алма баштаган жер-жемиштерди блендерге тарта коюп, ширесин ичкендер бар го...

- Көптөгөн клиникалык изилдөөлөргө таянсак, азыктын өзүнө караганда ширеси көп калориялуу болот. Ширесинде канттын дагы деңгээли көтөрүлөт. Жемиштин ширесин күн сайын ичүү тез семирүүгө алып келет. Ушул жагынан караганда, көпчүлүк эндокринологдор кант диабети бар адамдарга мөмө, жашылча-жемиштердин өзүн эле жегенди сунуштайт.

- Акыркы учурларда айрым адамдар жашоо таризин өзгөрткүсү келип, жалаң жер-жемиш, жашылча жегенге да өтүп жатат.

- Ар бир адамдын тамактануусу балансталган болушу керек. Бул эмнени түшүндүрөт? Рационубузда эт, май, жаңгак, дан, жашылча, мөмө-жемиш, сүт азыктары болушу керек. Бул балансталган тамак-аш рациону. Бул же тиги тамак жаман дебешибиз керек. Өзүбүзгө тиешелүү улуттук тамак-аштарыбыз бар. Аларды дагы жеп-ичели. Болгону тамактын сапатына көңүл буруш керек. Тамак-аш канчалык сапаттуу болсо, ошончолук организмге пайдалуу. “Жашылча-жемишти гана жеш керек, этти, куурулган тамакты жебеш керек” деген туура эмес. Мен андай тарапты колдобойм. Азыр көп адамдарга автордук нутрициология курсун өтүп жатам. “Зыян” деген чектөөлөрдүн айынан адамдын табити жоголуп, кандай гана тамак болбосун көргөндө көңүлү айнып, ооруп калышы мүмкүн. Бул психологиялык дарт, аны дарылоо өтө кыйын, кээде анорексияга алып барышы ыктымал. Ар бир нерсенин өлчөмү болот. Бардык тамак-аштын организмибиздин иштөөсүнө жардам берген энергетикалык баалуулугу бар. Рахаттана тамактанып, жөн гана жашаш керек.

- Чайды көп ичүү дагы ден соолукка зыян дешет?

- Чайдын курамында танин деген зат бар. Ашказанга түшкөндө темирдин сиңүүсүнө тоскоолдук кылат. Чай ичкен адамдардын көбү аз кандуулуктан жабыркайт. Ошонун айынан тиши бузулат. Айрыкча кара чай ушундай таасир берет. Биздин адамдар кара чайга көнүп калып, “шакыйым кармап жатат” дей беришет. “Түрктөр жыргап эле кара чай ичип жүрүшпөйбү?” дегендер бар. Бирок алардын кара чайы өтө сапаттуу, бизде сатылгандарга салыштырбаш керек. Түрктөр жер-жемиштерди, жашылчаларды бизге караганда өтө көп колдонушат. Тамактануу адаты сапаттуураак.

Кара чайдын ордуна кээде көк чай, мелисса, түймө гүлдүн (ромашканын) чайын ичиш керек. Кара зиренин уругун демдеп алып да ичсе болот.

- Чайга сүт кошуп ичсечи?

- Кара чайга сүт кошуп ичсе, анын терс таасири дагы күчөшү ыктымал. Себеби, сүт дагы, чай дагы темирдин сиңүүсүнө тоскоолдук жаратат.

Аялдар жана эркектер үчүн

- Аялдын ден соолугу үчүн кайсыл витаминдер өтө зарыл?

- Аял киши үчүн эң зарыл витамин – бул фолий кычкылы. 12 жашка чыгып, этек кири келгенден баштап, ар бир аялзаты туруктуу ичип турушу шарт. Кокус кош бойлуу кезде бул витаминди ичпей койсо, курсактагы баланын нерв системасы өрчүбөй калат. Кош бойлуу учурда гана фолий кычкылын ичип, башка учурларда беймарал жүрө берүү да - чоң ката. Айрыкча кырк жаштан кийин бардык аялдар ичиши керек. Оорунун алдын алуу үчүн 400 микрограмм, дарылоо үчүн 1 миллиграммдан 5 миллиграммга чейин. Бул витаминди анализ тапшырбай эле ичсе болот. Себеби аялдардын организми 100% бул витаминге муктаж. 95% учурда организмде фолий кычкылы ченемден аз болот. Фолий кычкылынын жакшы жери ууландыруучу (токсический) эффект чакырбайт. Көпчүлүк учурда заара менен эле чыгып кетет. Азыктардан фолий кычкылын жаңгак, быштак, жумуртка, кулпунай, малинадан алса болот.

- Ал эми эркектер кайсы витаминди ичиши керек?

- Мырзалар үчүн D витамини өтө маанилүү. Тестостерондун бөлүнүп чыгуусунда D витамининин орду өтө чоң. Фолий кычкылы балалуу болом деп жүргөн мырзаларга керек - көпчүлүгүндө ал жетишсиз болот.

Топуракты эмнеге жейбиз?

- Базарларга барсак, жада калса дүкөндөрдө деле топурак саткан бөлүмдөр ачылыптыр. Топуракты жеген канчалык пайдалуу?

- Бизде эч бир топурак санитардык талаптарга ылайык текшерилбейт. Бир жерлерден казып алып сата берет да. Анда 100% мителер, бактериялар болот. Топурак түрдүү оорулардын таралышына, боордо таштардын пайда болуусуна дагы себепкер. Тамак сиңирүү системасынын ишин бузат. Ошондуктан адам өзүнө “эмне үчүн топурак жегим келип жатат?” деп суроо бергени оң. Негизи бул анемиянын айынан болот. Мага топурак жеген катталуучулар кайрылган учурларда анемиясын дарылагандан кийин топуракты көргөндө кускусу келип калган. Курут дагы жебей калышат.

- Кальций жетишпегенден улам да топурак жеши мүмкүнбү?

- Жок. Көпчүлүк учурда темир жетишсиздигинен улам анемия болгондо топурак жеши мүмкүн. Жогоруда айткандай, аз кандуулук өтө кооптуу дартка айланды. Баарынан мурда ушуну дарылашыбыз керек.

- Эл дагы ошого даяр болушу керек да?

- Адам окуу менен гана сабатын жакшырта алат. Билим алып, ага умтулуу керек. Биздеги эң жаман сапат – баары эле өзүнчө "билерман". Түркөй адам гана баарын билем деп эсептейт. Элдин медициналык сабатын көтөрмөйүнчө, медицина 100% өнүксө дагы, абал жакшырбайт.

Биздин командада 45 дарыгер бар. Азыркы учурда элдин сабатын, ден соолугун жакшыртуу менен алекпиз. Социалдык тармактарда баракчаларыбыз бар. Үч жылдан бери аракет кылып жатып, азыр эл тармактык маркетингге көп алданбай калды. Азыр менин баракчамда 200 миңге чукул адам катталган. Ошолор эле маалымат алса да, ар бири жакынына, тууганына айтат. Далилдеген медицинаны эл арасында жеткиликтүү тилде жайылтуу үчүн MedLit деген тиркеме ачканбыз, ага 150 миң адам катталган. Кыргыз тилдүү аудиория үчүн бул масштабдуу көрүнүш. Өкүнүчтүүсү, азыр кыргыз тилинде медициналык китептер аз.

- Акыркы жылдары Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр, инсульт дартына чалдыккандар көбөйүптүр. Ушул ооруларды алдын алуу үчүн кандай витаминдерди ичип жүрсө болот?

- Жүрөк-кан тамыр системасына тиешелүү ооруларды алдын алуу үчүн витаминдерден дагы маанилүү нерселер бар. Бул - жашоо мүнөзүн жакшыртуу. Сууну жетиштүү ичип жүрүү. Физикалык жактан активдүү болуу. Аба, күн, тамак-аш, уйку, гигиена - баарын эске алуу. Булардын баары инсульт, инфаркт дагы башка жүрөк-кан тамыр системасына тиешелүү ооруларды алдын алууда өзгөчө мааниге ээ.

Инфаркт, инсультка чалдыккан адамдарды байкасаңыз, жашоо таризи, уйкусу начар же туура эмес тамактанат. Ар дайым жабыгып жүрөт. Дем алуу көнүгүүлөрүн жасабайт. Сууну жетиштүү деңгээлде ичпейт. Каны коюлуп кеткен. Кардиологдун көзөмөлүнөн өтпөйт. Кан басымдын дарысын бир ай ичет, андан кийин таштап коет. Жогоруда айткандай эле, бул элдин сабатсыздыгынан келип чыгууда. Мындай ооруларды профилактика кылуу үчүн медициналык сабаттуулукту, жашоо таризин жакшыртууга аракет кылуу керек. Инсульт же инфарктка чалдыккандан кийин эч кандай витамин жардам бербейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG