Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Чехия: Ардактуу консулдар – эл достугун чыңдаган жарандык демилгелерге жөлөк


Саадаткан Даминова. 17.5.2019.
Чехиядагы кыргыз диаспоралык уюмунун 2019-жылдагы жетекчиси, азыркы ардактуу консул Саадаткан Даминова. Прага шаары. 17.5.2019.

Жума күнү (3-майда) Чехиянын борбору Прага шаарында Кыргызстандын бул өлкөдөгү ардактуу консулунун ишке расмий түрдө киришүүсүнө арналган иш-чара өткөрүлгөнүн “Азаттык” кабарлаган. Бул окуянын олуттуу өңүттөрү тууралуу тарыхчынын блогу.

Ар кандай тарыхый жана коомдук-тажрыйбалык себептер менен постсоветтик Кыргызстандын Чехиядагы элчиси башка да өлкөлөрдөгү элчилик кызматтарды мезгилдеш аткарат жана элчиликтин баш кеңсеси башка өлкөдө (учурда – Австриянын ордо шаары Венада) жайгашкан.

Ушундай эле себептер менен посткоммунисттик Чехиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңсеси да коңшу жумурияттын – Казакстандын ордо шаары Астанада жайгашкан.

Мындай кырдаалда, албетте, Чехияда байырлаган карапайым кыргыз жарандары менен Кыргызстанда байырлаган карапайым чех жарандары үчүн айрым ыңгайсыздыктар түзүлүп келген. Эки өлкөнүн ортосунда ишкердик, илимий, туристтик ж.б. долбоорлор менен алектенгиси келгендер ж.б. үчүн да айрым жагымдуу шарттар жаратуу керек эле.

XXI кылымдын башында Чехия менен Кыргызстан өз жарандарынын ортосундагы кошумча көпүрөнү жаратуу үчүн “ардактуу консул” деп аталган институтту ийкемдүү пайдалана баштады.

Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу кызматына Чехияда жогорку билим алган, кыргыз, чех, англис, орус жана башка тилдерде мыкты сүйлөгөн жаш адис – Марат Сейитбек уулу Жаанбаев дайындалып, үзүрдүү иштеп келет.

Анын теги – кыргыз. Атасы – таанымал кыргыз агартуучусу, физика жана математика окутуучусу Сейитбек Жаанбаев.

Марат Жаанбаев Кыргызстандын экологиясы үчүн олуттуу мааниге ээ болгон чехиялык жана германдык алдыңкы технологиялык ыкмаларды Кыргызстандын туристтик тармактарына тартуу жаатындагы саамалыктары менен өзгөчө эсимде калды. Ал Кыргыз-Чех ишкердик форумдарын да байсалдуу уюштуруп келет.

Ал эми Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу кызматы оболу 2005-жылдагы элдик ыңкылаптан кийинки жылдары киргизилген. Алгачкы ардактуу консул, доктор Петр Немет бир кыйла жылдар алгылыктуу иштеген.

Орто жолдо бир нече жылдай үзгүлтүк болуп, 2023-жылдын сентябрынан тартып бул кызмат кайра жанданган.

Кыргыз, чех, англис, орус тилдерин мыкты билген улутташыбыз Саадаткан Даминова айым ошондон бери Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу кызматын аркалап келет.

Саадаткан Даминова карындашымды мен бир нече жылдан бери дурус билем.

Анын чех тилин, маданиятын жана чех укугун мыкты өздөштүргөндүгүнүн аркасында Чехия жергесине келип калып, мыйзамды, өз укуктарын жана милдеттерин чала билгендигинин айынан далай кыйынчылыктарга кабылган бир катар кыргыз мигранттары караңгыда шам чыракка ээ болгондой мүмкүнчүлүк алышкан.

Саадаткан айым өз жердештерине атуулдук демилге катары астейдил көмөк көрсөтүп, Чехиядагы кыргыз жарандарынын диаспоралык уюмун түзүү үчүн алпурушуп келген.

Андан тышкары ал Чехиядагы кыргыз диаспорасынын Батыш Европанын башка өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдары менен дагы, ошондой эле, Чоң Жердин – Кыргызстандын чет жердеги мекендештер үчүн уюштуруп жаткан шеринелери менен дагы тыгыз кызматташтыгын камсыздоого олуттуу салым кошту.

Албетте, Чехия тарабы үчүн иш алып бара жаткан Марат Жаанбаев дагы, Кыргызстандын ардактуу консулу болуп жаңыдан иш баштап жаткан Саадаткан Даминова дагы кыргыз жана чех бийликтери менен, ошондой эле, кыргыз жана чех элчиликтери менен тыгыз иш алып барышууда.

Мындай өрнөктүү иштерди Кыргызстандын ардактуу консулдары башка айрым өлкөлөрдө (маселен, Түркияда) жүргүзүп келишкендигин айрым кабарлардан окуп калам.

Чехиядагы өрнөккө келсек, саны аз болгонуна карабастан, туруктуу ардактуу консулдары жана атаандаш диаспоралык уюмдары бар мигрант кыргыз жарандары өзгөчө ынтымактуу келишет.

Алар уюштурган ар кыл маданий жана спорттук иш-чараларга, ар кыл маараке күндөрүнө арналган маданий курултайларга Европанын башка өлкөлөрүнөн да коноктор байма-бай катышып турушат.

Ардактуу консулдардын жана бир катар диаспоралык уюмдардын данакерлик ишмердигин былтыр, 2023-жылы 2-сентябрда, Прагада өткөрүлгөн маданий кечеде Кыргызстандын Чехиядагы жана Австрия сыяктуу башка өлкөлөрдөгү атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси, дасыккан дипломат Төлөндү Макеев мырза өзгөчө ыраазычылык менен белгилеп айткандыгы алигиче жадымда турат.

Чет өлкөлөрдөгү жарандык демилгелерди ширелтип, расмий дипломатиялык иш-аракеттерди элдик дипломатия ыкмалары менен айкалыштырууда өзгөчө рол ойноп жаткан ардактуу консулдардын ишмердиктерин “Азаттык” үналгысы ыраатуу чагылдырып келүүдө.

Менимче, ар кыл өлкөлөрдөгү диаспоралык коомдук уюмдар жана жарандар ардактуу консулдарга ыктыярдуу көмөк көрсөтүү жана алардын ишмердигине тилектештик билдирүү аркылуу эгемен өлкөбүздүн төгөрөктүн төрт бурчундагы көп нуктуу, көп тарамдуу дипломатиялык саясатына дагы колдоо көрсөтө алышат.

Ал эми билими терең, көп тилдерди (өзгөчө, өз эне тилин жана тийешелүү өлкөнүн мамлекеттик тилин) мыкты билген, укуктук жактан сабаттуу, демилгелүү, жаракөр жаш адистердин ардактуу консулдукка дайындалып жатышы – кыргыз коому үчүн мыкты жышаана.

Аларга (анын ичинде демократиялык Чехия менен Кыргызстандын карым-катнашын чыңдоого салым кошуп жатышкан Саадаткан Даминова менен Марат Жаанбаевге) албан ийгиликтер каалайбыз! Албетте, алардын аткарганынан аткара элек иштери арбын.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG