Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Украина: "Май айы майданда оор болот"


Украинанын Харьков облусу менен чектешкен жердеги орус армиясынын "ажыдаардын тиши" деп аталган танктан коргонуу тилкеси, 17-апрель, 2024.
Украинанын Харьков облусу менен чектешкен жердеги орус армиясынын "ажыдаардын тиши" деп аталган танктан коргонуу тилкеси, 17-апрель, 2024.

Орус армиясынын аба соккусунан 2-майда Украинанын Харьков облусунда сегиз бала жабыркады. Бомба балдар машыгып жаткан спорттук комлекстин жанында жарылып, өрт тутанган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияны тыюу салынган химиялык куралды Украинада колдонгон деп айыптады. Кремль бул маалыматты төгүндөдү. Орус армиясы Украинанын аймактарына сокку урууну улантууда

Харьков облусундагы Дергачи шаары утур-утур орус армиясынын соккуларына дуушар болуп келет. Бул жолу абадан башкарылуучу ракеталар спорттук комлекстин жанына түшүп, өрт тутанганы кабарланды.

"Сегиз бала машыгып жаткан. Коркунуч тууралуу сирена жаңырган жок. Мен көчөдө жүргөм, болгону ракетанын үнү угулду. Биздин спорттук комплекстин артына түшкөнүн түшүндүм. Терезелердин баары күбүлдү. Залда балдар жылаңайлак жүргөндүктөн колу-буттарын айнек тилип кеткен", - деди спорттук комплекстин башчысы Яна Коробец.

Балдардын төртөө орто деңгээлдеги жараат алганын облус башчысы Олег Синегубов билдирди.

Харьков облусу согуш тилкесинде, Орусияга чектеш жайгашкан. Бул аймак Москва кеңири масштабдуу согуш ачкан 2022-жылдын февралынан бери аба чабуулдарына тушугуп келет.

Буга чейин "Файненшл Таймс" (Financial Times) басылмасы Орусия жаздын аягында – жайдын башында масштабдуу чабуулга өтүшү мүмкүн деп жазган.

Украиналык жана Батыштагы айрым расмий адамдар алар буга чейин айрым бөлүктөрүн басып алган облустардын көбүрөөк жерлерин көзөмөлгө алууну, балким, экинчи ири калаа - Харьковду алууну максат кылганын болжолдошот.

Көптөгөн далилдерге карабай, Москва Украинанын жай тургундарына чабуул койгонун четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын айтып келет.

Химиялык курал тууралуу айыптоолор

АКШнын Мамдепартаменти Москваны украин аскерлерине каршы химиялык курал колдонгону үчүн айыптады. Бул тууралуу Вашингтон 2-майда тараткан билдирүүдө белгиленет.

"Мындай химиялык заттарды колдонуу бир жолку гана окуя болгон эмес. Бул аракет орус аскерлеринин украин күчтөрүн ишенимдүү турумдарынан сүрүп чыгарууга жана согуш талаасында тактикалык артыкчылыкка жетишүүгө карай умтулуусуна байланыштуу жасалган болушу ыктымал".

Хлорпикрин Химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюмдун "кара тизмесине" киргизилген.

Америкалыктар билдиргендей, газга ууланган аскерлер траншеяларда тыгылып, дем ала албай калган же душман ок жаадырып турганда сыртка чыгууга мажбур болушкан.

Орусия мындай маалыматты адаттагыдай четке какты

"Биз бул тууралуу жаңылыктардан уктук. Адаттагыдай эле бул билдирүүлөр негизсиз. Орусия бул тармактагы эл аралык алкакта өз моюнуна алган милдеттенмелерди мурдагыдай эле сактап келген жана сактоодо", - деди Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Украиналык аскерлер орус армиясы буга чейин эле химиялык курал колдонуп келгенин, орус күчтөрү дрондун жардамы менен ууландыруучу газы бар гранта ыргытканын айтышкан.

Ал эми орус армиясы Украинада химиялык курал колдонуп жатканын былтыр Новая Газета. Европа басылмасына орус армиясынан качкан мурдагы аскер айтып берген.

"2023-жылы кышында химиялык курал-жабдыктарды алып келишти. Аны атайын украин армиясын аткылап, аскерлерди жашынган окоптордон сыртка чыгаруу үчүн беришкен. Зарин, заман - Биринчи дүйнөлүк согуш маалында колдонулган илгерки каражаттар да. Биз негизинен хлорпикрин колдондук", - деген аты-жөнүн атагысы келбеген мурдагы аскер.

Мамлекеттик департамент Орусия өзүнө алган милдеттенмелерине кыянаттык кылып жатканын белгилеп, абакта каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальный жана мурдагы тыңчы Сергей Скрипал ууландырылган нерв системасын шал кылуучу "Новичок" заты колдонулган окуяларды да эске салды.

Буга байланыштуу Вашингтон орусиялык бир нече мекеме-ишканага санкция салган. Арасында Орусиянын химиялык курал программасына тиешеси бар деп шек саналган төрт компания бар.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине көмөктөшкөн жана анын чектөөлөрдү кыйгап өтүүсүнө жардам берген деп айыпталган 200дөй адамга жана ишкана-мекемеге санкция жарыяланганын 1-майда билдирген. Арасында Кыргызстандын да компаниясы бар экени маалымдалган.

"Украина бир гана согуш талаасында жеңе албайт"

Украинанын Башкы чалгын кызматынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкийдин айтымында учурда фронттогу кырдаалга абдан оор деген баа берди. Ал ошондой эле Economist журналына курган маегинде согуш талаасында "абал дагы начарлашы мүмкүн экенин" эскертти.

Скибицкийдин сөздөрүнө караганда, орус армиясы 9-майга карата же болбосо Владимир Путиндин Кытайга сапарын утурлай "бир аймакты басып алуу" буйругун алган.

"Биздин көйгөй айдан ачык: куралыбыз жок. Алар апрель жана май биз үчүн оор болорун билишкен", - деди украин аткаминери.

Скибицкий кошумчалагандай, май айында Орусия Украинадагы кырдаалды дестабилдештирүүнүн үч деңгээлден турган планын ишке ашырууну көздөп турат. Биринчиси - аскердик фактор. Анткени АКШ бөлгөн аскердик жардамдын негизги бөлүгү Киевге жете элек жана украин армиясына курал-жабдык жетишпейт. Орус күчтөрү бул кырдаалдан пайдаланууга аракет кылат.

Экинчи фактор - бул Владимир Зеленскийдин саясий легитимдүүлүгүнө доо кетирүүгө багытталган кампания. Зеленскийдин президенттик мөөнөтү теоретикалык жагынан алганда быйыл 20-майда аяктайт. Украинанын Баш мыйзамында аскердик абалда президенттин ыйгарым укуктары белгисиз мөөнөткө созулары так жазылган. Ал эми үчүнчү фактор - бул Украинаны эл аралык деңгээлде обочодо калтыруу.

Украин бийлигин учурда Часов Яр калаасы тынчсыздантууда. Адистердин айтымында бул аймак орус күчтөрүнүн колуна өтсө, Донецк облусунун оккупациялана элек калааларына жол ачылат.

Андан тышкары Скибицкийдин айтымында Орусия Харьков жана Сумы облустарына чабуул коюуга даярданып жатат.

Украинанын Башкы чалгын кызматынын маалыматына ылайык, Орусия согушка жалпысынан 514 миң аскерин салган. Ошол эле учурда Харьков менен чек арага жакын жерде 35 миңдей жоокери бар. Учурда алардын санын 50-70 миңге көбөйтүү каралууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG