Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Талас шаарындагы тынчтык митингине уруксат берилген жок


Таластагы митинг. 5-октябрь, 2020-жыл.
Таластагы митинг. 5-октябрь, 2020-жыл.

Талас шаарынын мэриясы жана облустук администрация тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу «Республика» партиясынан талапкер болгон Кубат Болотканов билдирди:

«Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү, шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон эл музыкалык драма театрынын алдына чогулдук. Бирок бул жерде жарык бербей коюшту».

Тынчтык митингине «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Реформа», «Социал-демократтар» партияларынан 300гө жакын адам чогулду.

Талас облусунда 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясы 21,72%, «Биримдик» 19,21%, «Республика» 19,15% добуш алган.

Шайлоо күнү облуста №2 форма менен добушканага барган шайлоочулар узун кезекке туруп, бир нече мыйзам бузуу да катталган. (AiA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG