Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:52

Талас менен Ошто «Биримдик» партиясы акча берип, бюллетенди алдын ала белгилегени тууралуу видеолор тарап жатат (видео)


Шайлоо тилкеси.
Шайлоо тилкеси.

Талас облусундагы Кеңеш айылында жайгашкан №6075 участогунда «Биримдик» партиясынын өкүлү деген белгисиз адам машиненин ичинен отуруп алып, паспортун көргөзгөн жаранга акча берип жаткан видео социалдык медиада тарады.

Аталган партиянын шайлоо бюллетениндеги тушуна даяр белги коюлган учурду Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринен «Т-Медиа» теле каналынын кабарчылары да тартып алган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул тууралуу: «Бул окуя тиешелүү ыкчам чара көрүү тобу тарабынан иликтенип, шайлоо комиссиясына сунуш берилет. Муну ыкчам түрдө ишке ашырабыз. Шайлоонун жыйынтыгы чыккыча окуяны териштирип, тиешелүү жыйынтык чыгарабыз», - деген түшүндүрмө берди.

Бюллетенди сүрөткө тартып алуу боюнча Бишкек, Ош шаарларында да бир нече учур катталып, атайын акт түзүлдү. Добуш берген партиясын сүрөткө тарткандардын арасында белгилүү актер Бектемир Мамаюсупов да бар. (BCh)

XS
SM
MD
LG