Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Алдын ала жыйынтык: Парламенттин болжолдуу тизмеси белгилүү болду


Кыргызстандагы добушканалардын бириндеги шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандагы добушканалардын бириндеги шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жарышка түшкөн 16 партиянын төртөө гана жети пайыздык босого чектен өттү. Калган 12 партия босогодон өтө алган жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) түнкү саат 12.00гө карата маалыматы боюнча: «Биримдик» 24,53%; «Мекеним Кыргызстан» 23,9 %; «Кыргызстан» 8,74 %; «Бүтүн Кыргызстан» 7,09 % менен алдыга чыкты.

Андан кийин «Мекенчил» партиясы 6,85%, «Республика» 5,81% добуш алды.

Баштапкы жыйынтык боюнча алдыңкы катарга чыккан төрт партияга мандаттар төмөнкүдөй тартипте бөлүнүшү мүмкүн. Тизме партиялар бекиткен тартипте берилди:

«Биримдик» партиясына 46 мандат тийиши ыктымал:

1. Акылбек Жамангулов

2. Улукбек Кочкоров

3. Төрөбай Зулпукаров

4. Евгения Строкова

5. Талас Бегалиев

6. Улан Бакасов

7. Сухбатила Мирзаев

8. Аида Касымалиева

9. Талантбек Иманов

10. Гүлжигит Жумаев

11. Марат Аманкулов

12. Нуржан Тынымсеитова

13. Айбек Алтынбеков

14. Илгиз Капаров

15. Бакирдин Субанбеков

16. Нурзат Осмонова

17. Улан Примов

18. Каныбек Туманбаев

19. Азамат Арапбаев

20. Бурул Аманова

21. Калыкбек Султанов

22. Пархат Тулендыбаев

23. Замирбек Осмонов

24. Элмира Жумалиева

25. Бактыбек Чойбеков

26. Жаныбек Бакчиев

27. Асылбек Жээнбеков

28. Махабат Мавлянова

29. Сагындык Келдибаев

30. Өмүрбек Бакиров

31. Исхак Пирматов

32. Гүлшат Асылбаева

33. Нурдин Тагаев

34. Нургазы Нишанов

35. Бакытбек Жетигенов

36. Аида Исмаилова

37. Эмилбек Жусупов

38. Искендер Кадыркулов

39. Автандил Кулбараков

40. Динара Исаева

41. Рустам Саякбаев

42. Памирбек Жолболдуев

43. Нурбек Тотонов

44. Айнура Осмонова

45. Нурланбек Токомбаев

46. Сайдолимжон Жураев

• «Мекеним Кыргызстан» партиясына 44 же 45 мандат тийиши мүмкүн:

1. Мирлан Бакиров

2. Улан Садалиев

3. Ибрагим Жунусов

4. Татьяна Кузнецова

5. Бакытбек Дүйшөмбиев

6. Улан Сырдыбаев

7. Марлен Маматалиев

8. Элнура Алканова

9. Жыргалбек Турускулов

10. Искендер Матраимов

11. Таабылды Тиллаев

12. Гүлкан Молдобекова

13. Канат Аманкулов

14. Акматбек Келдибеков

15. Канатбек Азиз

16. Бактыгүл Молдогазиева

17. Талантбек Сарбагышев

18. Дилшоджон Моминов

19. Кылычбек Исамамбетов

20. Гүлмира Шакирова

21. Урматбек Самаев

22. Бактыбек Сыдыков

23. Данияр Абдыкаров

24. Гүлшаркан Култаева

25. Бактыбек Райымкулов

26. Иса Өмүркулов

27. Алиярбек Абжалиев

28. Бөдөш Мамырова

29. Тууганбек Чолпонбаев

30. Жанарбек Алымов

31. Канатбек Маматов

32. Кызжибек Атабекова

33. БШК Аравандагы мушташтан кийин шайлоодон четтеткен Илхом Маннанов да партиянын тизмесинде турат. Тизме өйдө-ылдый жылышы мүмкүн.

34. Бакытбек Адылов

35. Эрнист Акунбеков

36. Мария Исанова

37. Мирлан Назарбеков

38. Абдиталип Акимов

39. Бакытбек Каналиев

40. Татьяна Карыжинская

41. Мирлан Амантуров

42. Шайлообек Атазов

43. Жапарбек Ормонов

44. Жылдаз Мусабекова

45. Эрлан Базарбаев.

• «Кыргызстанга» 16 мандат:

1. Канатбек Исаев

2. Талант Мамытов

3. Нурбек Алимбеков

4. Наталья Кулматова

5. Азизбек Турсунбаев

6. Руслан Чойбеков

7. Дастанбек Жумабеков

8. Чолпон Султанбекова

9. Шаршенбек Абдыкеримов

10. Данияр Төлөнов

11. Ахрор Иминов

12. Майрамкүл Байтерекова

13. Салайдин Айдаров

14. Алтынбек Исмаилов

15. Талайбек Масабиров

16. Дамира Дөөлөталиева.

• «Бүтүн Кыргызстанга» болжолдуу тизме боюнча 13 мандат:

1. Адахан Мадумаров

2. Өмүрбек Суваналиев

3. Исхак Масалиев

4. Айгүл Саттарова

5. Темирлан Сманбеков

6. Улукбек Тилектешов

7. Курсан Асанов

8. Орозайым Нарматова

9. Саматбек Ибраев

10. Медербек Малабаев

11. Зиядин Жамалдинов

12. Чыныгүл Шеркулова

13. Олег Домшенко

Акыркы маалымат боюнча жараянга шайлоочулардын 56 пайыздан ашыгы катышты. Акыркы жыйынтыкты БШК бюллетендерди кол менен эсептеп бүткөндөн кийин чыгарышы керек. Түнкү саат 12ге карата добушканалардын 97.78 пайызынан маалыматтар келди.

Шайлоонун жыйынтыгын «Бир Бол», «Ата Мекен», «Реформа», «Замандаш», Социал демократтар партиялары тааныбай турганын жарыялашты. Оппозиция бүгүн, 5-октябрдагы Бишкекте тынчтык акциясын өткөрүп, анда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылганы жатат. «Ыйман Нуру» жана «Республика» партиялары шайлоо жыйынтыгы күмөндүү деген маалымат берди. «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү жыйынтыкты тааный турганын билдиришти. (NT)

XS
SM
MD
LG