Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Таластагы байкоочулар коркутуу, бюллетенди сүрөткө тартуу тууралуу кабарлашты


Таласта шайлоо тилкесинин алдындагы кезек.
Таласта шайлоо тилкесинин алдындагы кезек.

Талас облусунун Кеңеш айылында № 6075 добушканасында «Биримдик» партиясы акча таратып жатканын видеого тарткан байкоочулар аларды айрым адамдар коркутуп жатышканын «Азаттыкка» билдиришти. Байкоочулар видео соцтармакка тарагандан кийин белгисиз адамдар чалып, коркутканын айтышты. Аталган участокто 435 адам катталган.

Талас облусундагы Кеңеш айылында жайгашкан №6075 участогунда «Биримдик» партиясынын өкүлү деген белгисиз адам автоунаасынын ичине отуруп алып, паспортун көргөзгөн жаранга акча берип жаткан видео социалдык медиада тарады.

Ал эми Талас шаарындагы № 6108 шайлоо участогунун байкоочулары «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш берген эки шайлоочунун добушу жокко чыгарылганын билдиришти. Алардын айтымында, саат 18.30 аталган шайлоо участогунда добуш берген бюллетендерин сүрөткө тартып алган эки шайлоочуга карата акт түзүлүп, добуштары жокко чыгарылды. Алардын биринин бюллетени дароо алынды, экинчиси бюллетенин үкөккө салып жиберген.

№ 6108 участок - Таластагы чоң добушканалардын бири. Мында 2374 шайлоочунун 1041си №2 форма менен катталган.

Ушундан улам бир күн бою кезек күткөндөр азайган жок.

Бюллетенди сүрөткө тартып алуу боюнча Бишкек, Ош шаарларында да бир нече учур катталып, атайын акт түзүлдү. Добуш берген партиясын сүрөткө тарткандардын арасында белгилүү актёр Бектемир Мамаюсупов да бар. (AiA)

XS
SM
MD
LG