Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:59

"Кылмыштын курамы жок". Алты айдан бери абакта отурган активисттин иши


Афтандил Жоробеков сот залында. 8-декабрь, 2023-жыл.
Афтандил Жоробеков сот залында. 8-декабрь, 2023-жыл.

Туунун өзгөрүшүнө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековдун камалганына алты ай болду. Учурда сотто анын иши каралбай токтоп турат. Анткени кайра дайындалган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Жакындары Жоробеков абакта негизсиз кармалып турганын айтып, аны үй камагына чыгарууну талап кылып жатышат.

Убактылуу токтотулган иш, абакта калган активист

Афтандил Жоробековдун иши 20-мартта соттун токтому менен убактылуу токтотулуп, ошондон бери ордунан жылбай турат. Анткени азыркыга чейин кайра дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ага чейинки отурумдарда мамлекеттик экспертиза Афтандил Жоробековдун айткандарында “массалык баш аламандыкка чакыруу болгон” деген тыянак чыгарса, көз карандысыз экспертиза ага карама-каршы бүтүмгө келген. Ушундан улам кайра лингвистикалык экспертиза дайындоо муктаждыгы келип чыккан.

Активисттин адвокаты Жаныш Бараков иш Жийде Семёнова деген экспертке тапшырылганын, ал саясий иштер боюнча дайыма терс тыянак чыгара турганын айтып, буларды белгиледи:

Жаныш Бараков.
Жаныш Бараков.

“Кайра экспертиза дайындалып жатканда сотко өтүнүч келтирип, бөгөт чарасын өзгөртүп берүүсүн суранганбыз. Анткени иш токтоп турса деле Жоробеков камакта отура береби? Тилекке каршы, анын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Иш убактылуу токтоп калган учурда бөгөт чарасынын мөөнөтү тура берет. Негизи экспертизага бир ай берилет. Бирок аны дагы бир айга узартып алышса болот”.

Афтандил Жоробековдун ишиндеги экспертиза боюнча кызык жагдайлар бар. 12-январдагы отурумда көрсөтмө берген эксперт Нурлан Сакбаев анын колуна тийген материалдар менен сотто көрсөтүлгөн тасмада айырмачылык бар экенин айткан. Анткени ишке тиркелген видео тасмада Афтандил Жоробеков тынч жыйынга чакырса, эксперт талдаган материалда “тынч жыйын” деген сөз болбогону айтылып жатат. Мындай айырмачылык тергөөнүн катасы экенин адвокаттар белгилешүүдө.

Активисттин жубайы Мээрим Садыкова “Азаттыкка” буларды айтты:

Мээрим Садыкова.
Мээрим Садыкова.

“Ушунча убакыттан бери камакта отурууга мажбур болуп жатат. Бирок ал эч кандай кылмыш кылган эмес. Тергөө айтып жаткандай башаламандык да уюштурган жок да. Болгону өзүнүн пикирин ачык айткан. Акыркы жолу адвокат киргенде тиши ооруп атканын айткан экен. Мен айына эки жолу тергөө абагына барып, терезенин эки тарабынан телефон аркылуу сүйлөшүп атабыз”.

Афтандил Жоробековдун соту качан улана турганы азырынча белгисиз. Мыйзам боюнча, экспертизанын жыйынтыгы даяр болгондон кийин судья отурумдун датасын аныкташы керек.

"Тууну коргогонум үчүн бактылуумун"

Афтандил Жоробеков 2023-жылы 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп, тынч акцияга бир күн калганда камакка алынган.

Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

Ал кармалып кеткенге чейин күч органдары эскертүү бергенин, кысым болгонун да айтып жаткан. Ички иштер министрлиги Жоробековду “массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган” деп айыптаган.

Ал 29-февралдагы сот отурумунда мындай деген:

“Мен бактылуу адаммын. Кыргызстанда төрөлгөнүм үчүн, ушундай ата-энем бар үчүн жана желекти коргогонум үчүн бактылуумун. Ошол жаңы желекти кабыл алган депутаттар кана? Айрымдары өлкөдөн качып кетишти, мандатын тапшырышты. Мен болсо отурам”.

Тууну өзгөртүүгө жол ачкан мыйзамды Жогорку Кеңеш талкуусуз кабыл алып, президент да көп күттүрбөй кол койгон. Мамлекеттик символиканын өзгөрүшүнө каршы чыккандар арбын болуп, алардын арасында маданият кызматкерлери, коомдук ишмерлер, саясатчылар да бар эле. Ушундан улам тууну өзгөртүүдө элдин пикири эске алынбай калганы айтылган.

Журналист Канышай Мамыркулова Жоробековдун абакта жатышы мыйзамсыз деп эсептейт:

Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

“Эң башынан эле кылмыштын курамы болгон эмес. Мунун бети жок саясат экенин түшүнүп эле турабыз. Андан бери туу кабыл алынды. Укуктук жактан Жоробековдун ишин кыскартып, андан соң бийлик андан кечирим сурай турган жерде. Бизде Конституция, мыйзам, жарандардын укугу деген сөздөр каякта калды? Эмне үчүн жалпы элдин талабын айткан Афтандил дагы эле камакта отурат? Туунун өзгөртүлүшүнө сен, мен, жалпыбыз каршы чыкканбыз да. Коом канчалык кайдыгер болсо, укук коргоо органдарына ошончолук мыйзам бузганга шарт түзүлөт экен да”.

Негизи Афтандил Жоробеков айыпталып жаткан “Массалык башаламандыктар” беренеси бир катар активист, блогер жана социалдык тармактагы активдүү колдонуучулардын кармалышына себеп болуп келет.

Ар кандай тынч митинг, акциялар жана сын-пикир боюнча бийликтин позициясы башынан белгилүү. Азыркы учурда Горький атындагы бакчага гана чогулууга мүмкүн. Калган жерлерде акция өткөрүүгө тыюу салган соттун чечими бар.

Президент Садыр Жапаров 14-мартта “Кабар” агенттигине маек берип, “митингден коркпой турганын” жана бийликти алмаштыруу үчүн митингге чыккандарга аёосуз мамиле болорун эскерткен:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам, корксом болот эле. Тескерисинче, командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик үч эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, жөлөк пулдарды жапкан акыбалга келип калбадык беле. “Сырткы карыздан кантип кутулабыз?” деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы? Эгер “мурдагыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен” деп митингге чыккандар болсо, башынан сылап олтурбайбыз".

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым, жарандардын пикирин ачык билдирүү укугуна чектөө болуп жатканын айтып келишет. Кыргыз бийлиги болсо мындай дооматтар менен макул эмес.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG