Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Ошто «Азаттыктын» кабарчысы маалымат тактоодо тоскоолдукка кабылды


Добуш берүү учуру. Сузак, Жалал-Абад облусу. 4-октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Добуш берүү учуру. Сузак, Жалал-Абад облусу. 4-октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Айрым саясий партиялардын байкоочуларын №5303 шайлоо тилкесинен анын төрайымы чыгарып жибергенин байкоочулар өздөрү «Азаттыктын» кабарчысы Эрнист Нурматовго билдиришти. Анын себебин билиш үчүн кабарчы тилкеге кирип баратканда эшик тоскон милиция кызматкерлеринин тоскоолдугуна кабылды. Журналист шайлоо жараянын чагылдырууга укуктуу экенин, милициянын имараттан түртүп чыгаруу аракети кызмат абалынан аша чабуу экенин эскерткенден кийин кирүүгө уруксат алган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков милиция журналисттерди имаратка киргизбей коюуга укугу бар экенин «Азаттыкка» билдирди. Муну ал участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчиси кабыл алган чечим менен негиздеди.

Ошол эле шайлоо комиссиясынын төрайымы кабарчыга айрым партиялардын өкүлдөрүн шайлоо тилкесинен чыгарып жиберүүнүн себебин алардын улам чыр чыгара бергени менен түшүндүрдү.

Ошто Kloop.kg сайтынын кабарчысына да милиция кол көтөргөнү тууралуу маалымат тараган. Ош ШИИБи бул маалыматты четке кагып, милиционер анын телефонун гана алып койгонун, түшүндүрүү иштеринен кийин кайтарып бергенин маалымдады.

«Азаттыктын» кабарчысына асылып, кол салуу аракети бүгүн Таласта да катталды. «Азаттык» радиосунун «Youtube» менен «Фейсбуктагы» шайлоону чагылдырган түз эфири учурунда Таластагы шайлоону чагылдырып жүргөн кабарчы Айгерим Акылбековага шайлоо тилкесине кирип, добуш берүүнү күтүп жаткан шайлоочу кол салды. Ал камераны чаап, видео тартпоону талап кылды. Окуя Талас шаарындагы №6108 участогунда болду. Бул окуяны жергиликтүү милиция иликтөөдө.

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Шайлоого 16 саясий партия ат салышууда. Добуш берүү күнүндө Кыргызстанда 2430 шайлоо участогу ачылды. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва шаарында бир, Ош шаарында 10 кошумча добушканалар иштеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG