Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

БШК: Саат 17:00гө чейин 79 арыз расмий катталды


Парламенттик шайлоого добуш берүү. Бишкек шаары, 4-октябрь, 2020-жыл.
Парламенттик шайлоого добуш берүү. Бишкек шаары, 4-октябрь, 2020-жыл.

4-октябрь күнү саат 17:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам тобуна түшкөн арыздардын саны 80ге чукулдады. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров маалымдады.

Анын айтымында, кечке жуук арыздардын мазмуну өзгөрүп, көбүнчө добуш сатып алуу аракетине, элди жапырт ташууга жана автоматтык системага байланыштуу болууда.

Ал эми Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү 4-октябрь күнү добуш берүүгө байланыштуу 15 факты бирдиктүү реестрге катталганын кабарлады. Анын ичинен үчөө Бишкекте, Жалал-Абад облустарында беш, Ош жана Чүй облустарында үчтөн учур катталды. Алты учур добуш сатып алуу аракетине байланыштуу болду.

Тынчтыкбек Шайназаров добуш сатып алуу аракети тастыкталса, Боршайком талапкерди гана эмес, партиянын өзүн да 20 күн ичинде жарыштан алып салууга укуктуу экенин эскертти.

Мурдараак БШКнын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова "Азаттыктын" талкуусуна катышып жатып, добуш берүү башталгандан берки убакта Боршайкомго 100дөн ашуун арыз түшкөнүн билдирген. Абдрахматова шайлоодогу мыйзам бузуу тууралуу социалдык тармактардагы видео, сүрөт маалыматтар көп болгону менен расмий даттангандар аз экенин айткан.

4-октябрь, саат 16:00гө карата Кыргызстанда бир миллион 296 миң шайлоочу добуш берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, бул каттоого алынган жалпы шайлоочулардын 36,81% түзөт. Эң жогорку активдүүлүк Ош шаарында – 45%, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл жана Баткен облустарында - 33%.

Бишкек шаарында шайлоочулардын 36% добуш берди. Чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын арасынан шайлоого 16% катышты. Орусияда Южно-Сахалинск жана Владивосток шаарларында добуш берүү аяктады.

Парламенттик шайлоого добуш берүү Кыргызстанда 2430 тилкеде жүрүп жатат. Андан тышкары дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 45 шайлоо участогунда, ошондой эле кошумча ачылган Ош шаарындагы 10 жана Москва шаарында бир добушканада шайлоо өтүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG