Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Түштүк Кореяда шайлоого эл аз катышты


Эмилбек Калилов (ортодо) Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар менен.
Эмилбек Калилов (ортодо) Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар менен.

Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктардын 15% жакыны Кыргызстандын парламентин шайлоого катышты. Добушкана жабылгандан кийинки эсепке ылайык, жалпы катталган 1093 шайлоочунун 159у добуш беришкен. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сеулдагы тилкенин шайлоо комиссиясынын төрагасы Эмилбек Калилов билдирди.

«Кыргыздар Сеулда гана эмес, башка, алысыраак райондордо да жайгашкандыктан, ал жактардан көп келишкен жок. Андан тышкары биометрикалык каттоо, №2 форма менен катталууга жетишпей калышканы себеп болду окшойт», - деди Калилов.

Андан тышкары Жапонияда, Малайзияда, Орусиянын Сахалин, Владивосток шаарларында добуш берүү жыйынтыкталды.

Бишкек убактысы боюнча 17.00дө чет өлкөлөрдө 5600дөн ашуун шайлоочу добуш бергенин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

XS
SM
MD
LG