Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Акман айылындагы шайлоо тилкесинде чыккан чыр жөнгө салынды


Жалал-Абаддагы шайлоо тилкеси.
Жалал-Абаддагы шайлоо тилкеси.

Базар-Коргон районунун Акман айылындагы №2127 шайлоо тилкесинде №2 форма менен шайлоодо добуш берүүгө барган 300дөй адамды жергиликтүү тургундар добушканага киргизбей чыр чыккан. Айыл өкмөт башчысы Марсел Көкөнов «Азаттыкка» азыркы тапта чыр жөнгө салынып, шайлоочулардын бардыгы добуш берүүгө киргизилгенин маалымдады.

Чыр чыккан участокко өкмөттүн райондогу ыйгарым укуктуу өкүлү да барды. Жалал-Абад облусу боюнча кечки саат 17:00гө карата шайлоочулардын 38, 84% добуш берди.

Кыргызстанда №2 форма менен добуш бериш үчүн 500 миңдей адам арыз жазган. Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирген эле. 32 504 адам эки жолу, 5810у үч, 1967си төрт, 872си беш, үч адам 22 жолу №2 формасы менен добуш берүүгө арыз таштаган.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Он шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда. (TB/BCh)

XS
SM
MD
LG