
Кыргыз бийлиги жергиликтүү “Капитал банктын” орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү деген маалыматты четке какты. Расмий Бишкектин мындай билдирүүсүнө молдовалык IRN деп аталган басылмасы жарыялаган макала себеп болду.
Макалада “Капитал банктын” АКШ издөө салган молдовалык ишкер Илан Шордун ишканалары менен ыктымал байланышы айтылат. Эмне себептен Орусияга салган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөштү деп Кыргызстандагы банктардын аты аталууда?
Молдовалык басылманын Батыш санкцияларын кыйгап өтүүгө көмөктөшүшү мүмкүн деп Кыргызстанда жайгашкан банкты жазышы кыргыз бийлигин дароо жооп берүүгө аргасыз кылды. Президенттин администрациясы 17-апрелде “Борбор Азиянын Капитал банкы” тууралуу молдовалык басылманын макаласына жооп кайтарып, аталган банктын Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деген маалыматты четке какты. Анда “Капитал банкка” мамлекет ээлик кылары жана анын акцияларынын 100% Финансы министрлигине таандык экени айтылат.
Ал каржылык агымдардын ачыктыгын, отчеттуулугун камсыз кылуу, ошондой эле санкцияларга кабылган акчаны жүгүртүүгө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында түзүлгөнү белгиленген.
“Илан Шор жана ошондой эле санкцияларга кабылган банктар же структуралар менен байланышы бар деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул ырастоолор негизсиз, эч кандай фактылар менен тастыкталбайт жана Кыргызстандын каржы системасын дискредитациялоого багытталган”, - деп билдирди президенттик администрация.
Молдовалык басылманын баяны
Ак үйдү актанткан мындай билдирүүгө молдовалык IPN агенттиги 16-апрелде жарыялаган макала себеп болду. Анда АКШнын Кыргызстандагы “Керемет банкын” “кара тизмеге” киргизгенден үч айдан кийин “Борбор Азиянын капитал банкына” орус рубли менен операцияларды ишке ашыруу милдети жүктөлгөнү, бул эки банкты Кыргызстандын каржы рыногундагы “көмүскө кардиналдар” жана топ-менежерлер байланыштырып турары жазылган.
Басылма “Керемет банктын” санкцияга туш болушуна Интерпол издөө салган теги молдовалык ишкер, учурда Орусияда жашаган Илан Шордун талаштуу байланыштары түрткү болгонун эске салып, бул олигарх экинчи кыргыз банкынын кара тизмеге түшүшүнө себепчи болбойбу деп суроо салган.
“Эксперттер белгилегендей, Шордун компаниясы менен кызматташкан чет элдик банктар АКШнын кыйыр салыгына илинип калуу тобокелдигин арттырууда. Бул тобокелдик ушундай схемаларга байланышкан бардык компанияларга, уюмдарга тиешелүү. Аналитик Андрей Курэрару билдиргендей, “Капитал банк” АКШнын санкциясына илиниши мүмкүн. Сөз жөн эле санкцияны кыйгап өтүү эмес, орусиянын аскердик машинасынын тирөөчү “Промсвязьбанк” менен кызматташуу жөнүндө болуп жатат”, - деп жазган басылма.
Бирок молдовалык агенттик бул макаласындагы маалыматтарды ырастаган документалдуу далилдерди келтирген эмес.
"Капитал банк" гана рубл операцияларын жүргүзөт"
Эки күндөн бери талкууга түшкөн “Капитал банк” 1994-жылдан бери иштеп келет. Ал алгач “Акыл банк” деген аталыш менен иштесе, 2012-жылы аны Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындары сатып алып, аталышын өзгөрткөн. Былтыр Турсунбековдун балдарына кылмыш иши козголгон учурда банк мамлекеттин карамагына өткөн.
Быйыл март айынын ортосунан баштап “Капитал банк” Кыргызстанда рубль менен операцияларды жүргүзө турган жалгыз эсептик банк деп жарыяланды. Улуттук банктын токтомунда бул алты айлык пилоттук долбоор экени, эми башка коммерциялык банктар орус рубли менен операцияларын “Капитал банк” аркылуу жүргүзүүгө милдеттүү болору белгиленген. Эми ушундай артыкчылык алган банктын тегерегиндеги күмөндүү маалыматтардын тарашы Кыргызстандын каржы тармагындагы талкууга жем таштады.
Экономист Төлөнбек Абдыров санкциялык маселелер жалаң мамлекеттик банктарга коюлуп жатканына көңүл буруу керектигин айтты.
“Улуттук банк катуу көзөмөл жүргүзүп, коммерциялык банктар ушундай жагдайларга түшпөй турат. Ал эми бул Каржы министрлигине караган экинчи банкка санкция боюнча маселе коюлуп жатат. Мамлекеттик мекеме бул жагына көңүл буруп, талдоолорду жүргүзүшү керек. Бул Кыргызстандын каржылык аброюна шек келтирип жатат”.
Негизи Орусияга салынган Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө байланыштуу Кыргызстанда катталган бир нече ишкананын аты аталып, айрымдарына АКШ жана Европа санкция салган. Маселен, быйыл январда жергиликтүү “Керемет банк” АКШнын санкциясына илинген. Мындай доомат менен макул болбой, “Керемет банк” Кошмо Штаттардын министрлигине даттануу жолдогон. Азырынча банк дале “кара тизмеде” турат.
Кыргыз өкмөтү батыш өлкөлөрү менен санкцияларды сактоонун жол-жобосун талкуулап, бир нече жолугушуулар өткөн. Расмий Бишкек санкциялык талаптарды аткарып жатканын белгилеп келет.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров мындай кырдаалда санкцияга илинген компаниялар жана адамдар менен байланыш куруу кооптуу экенин айтты.
“Согушка тиешелүү товарларды алуудагы эсептешүүлөргө банктар катышса, ошолор санкцияга илинет. Ошондуктан Кыргызстандагы банктар ушул процесстерге катышпашы керек. Эгер кийлигишсе, ал өлкөнүн экономикасына таасир берет. Жалпы экономиканы сакташ үчүн согушка тиешелүү товарлардан, санкцияга илинген күмөндүү адамдарды аралаштырбашыбыз керек. Адамдарды, операцияларды тиешелүү органдар жакшы көзөмөлгө алышы керек”.
Илан Шор ким?
Күмөндүү операцияларда ысымы айтылып жаткан 38 жаштагы Илан Шор орус-молдован олигархы катары белгилүү. Анын ысымы банк иштериндеги акча адалдоо жана коррупциялык иштерде айтылып жүрөт. 2014-жылы Молдованын үч банкынан жоголгон 1 миллиард доллар каражат уурдоо схемасынын катышуучусу катары белгилүү.
Ал түзгөн Молдовадагы “Шор” партиясы өлкөдөгү негизги орусиячыл саясий күч катары таанымал. Былтыр октябрда жергиликтүү полиция ага Молдовадагы президенттик шайлоодо жана референдумда добуш сатып алуу схемасын уюштурган деген айып койгон. Молдовадагы кылмыш иштеринен улам 2019-жылы Израилге барган. Былтыр орус жарандыгын алып, Орусияга көчүп келген.