Соңку жылдары Кыргызстан менен Түркмөнстан алака-катышты жандантууга аракет кылып келет. Эки өлкө мындан беш жылдай мурун өнүктүрүү фондун түзүүнү макулдашканы менен ал азырынча ишке аша элек.
Түркмөн бийлиги бир канча мамлекеттин башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулган Ашхабаддагы форум Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналып уюштурулганын кабарлады.
Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, аймактагы энергетикалык коопсуздук, транспорт жана логистика жаатында кызматташуу маселелерине токтолду. Бул жаатта Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун маанисин белгиледи.
"Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстандын чөлкөмдүк процесстерге, Борбор Азиянын жана коңшу аймактардын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого кошкон салымын жогору баалай турганын ырастады. Мындан сырткары Түркмөнстан ишке ашырып жаткан газ жана энергетикалык долбоорлор энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатып, рынокторду кеңейтип, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн кошумчалады. Бул контекстте ал биздин өлкөлөрдүн электр энергиясын жеткирүү жаатындагы ийгиликтүү кызматташтыгын белгиледи. Ошондой эле, транспорт жана логистика тармагында өз ара аракеттенүүнүн олуттуу потенциалы бар экенин белгилеп өттү. Буга байланыштуу президент Кыргызстан мультимодалдык каттамдарды өнүктүрүүгө, учурдагы коридорлорду кеңейтүүгө, жаңы биргелешкен логистикалык чынжырларды түзүүгө катышууга даяр экенин көрсөттү. Бул контекстте ал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле энергетика тармагында Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоору өзгөчө мааниге ээ болорун белгиледи", - деп жазылган президенттин басма сөз кызматынын маалыматында.
Форум алдында Садыр Жапаров түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов менен жолуккан. Анда тараптар өз ара алака-катышка байланыштуу маселелерди, энергетика жаатында кызматташууну улантууну макулдашкан.
Кыргызстан Түрмөнстан менен ириде энергетика жаатында кызматташат. Тактап айтканда, кышында электр энергиясын сатып алат.
Эксперт Эрнест Карыбековдун айтымында, адатта бул жерде маселе деле жаралбайт. Бирок газ алып келүүгө инфраструктура даяр эмес, ошондой эле бул маселе Орусиядан дагы көз каранды болот.
"Энергетикага байланыштуу эки өлкөнүн министрликтеринин келишимдери бар. Ошонун негизинде электр энергиясын сатып алабыз. Ал Өзбекстан аркылуу келет. Өзбекстан Түркмөнстандан келген электр энергиясын пайдаланып, ошончо көлөмдөгү электр энергиясын Казакстанга берет. Аны Чымкент пайдаланып, ордуна Жамбыл аркылуу бизге электр энергиясын берет. Бул жерде эми маселе деле жок. Түркмөнстандан Алай аркылуу газ жеткирген газ түтүктөрү бар. Бирок ал транзит эле болот деп ал жакка биз кошулган эмеспиз. Андан сырткары Советтер союзунан калган Түркмөнстандан Казакстанга жеткен эски газ магистралдары бар, бирок ал биздин чек араларга келбейт. Бизге азыр газды "Газпром" алып келип жатпайбы. Алар аны бизге Бухарадан алып келет. Бирок аларда кышында өздөрүндө деле жетишсиз болуп калат. Өлкөнүн түндүгүнө газ Казакстан аркылуу келет. Ошондуктан Түркмөнстандан газ алабыз десек, ага инфраструктурабыз даяр эмес. Бул эми саясий дагы маселе болуп калбадыбы. Газ менен камсыз кылууну жалгыз "Газпром-Кыргызстан" тейлеп жатпайбы. Эгер Кыргызстан түркмөн газын алам десе анда анын укугу деле жок болуп калып жатпайбы. Алабыз деген саясий чечим чыкса деле аны "Газпром" менен сүйлөшүп, ошол аркылуу ишке ашыруу керек. "Газпром" Түрмөнстандан газ алып, аны Казакстанга берип, ал жактан бул жакка чейин линияларды куруп алып келем десе гана ишке ашат. Күйүүчү майга келгенде деле кайра эле Орусияга барып такалып жатат. Түркмөнстандын энергоресурстарынын резерви көп. Газы дагы, электр энергиясы да бар. Алар Иран, Грузияга чейин сатышат. Биз ал жактан көп алабыз десек деле линияларыбыз өткөрө албайт".
Эрнест Карыбеков ошол эле учурда Кыргызстан баары бир энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоого умтулушу керектигин билдирди.
Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет жана электр жарыгын Түркмөнстандан, Казакстандан, Орусиядан жана Өзбекстандан сатып алат.
Расмий Бишкек Ашхабаддан канча электр энергиясын канчадан импорттору тууралуу адатта маалымат бербейт.
Садыр Жапаров 2021-жылы ант кармап кызматка киришкенден кийинки сапарларынын бири Түркмөнстанга болгон. Ошол жылы ал алгач мамлекеттик, кийинчерээк иш сапар менен барган. Өлкөнүн ошол кездеги президенти Гурбангулы Бердымухамедов баштаган өлкө жетекчилери менен жолуккан. Тараптар биргелешкен бизнес-долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларлык кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүүнү макулдашкан.
Ошондой эле күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүүгө, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууга байланыштуу келишимдер болгон.
Андан сырткары экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө, өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө жана шайкеш келтирүүгө багытталган 14 документке кол коюлганы айтылган.
Ошондон бери кыргыз-түркмөн фонду эмгиче түзүлө элек. Ушул жылдын апрель айында Садыр Жапаров Түркмөнстандын мурдагы президенти, Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефондон сүйлөшүп, бул фондду түзүүгө байланыштуу иштерди жандантууну сунуштаганы айтылган. Бул фонд тууралуу расмий Ашхабаддын позициясы кандай экени белгисиз.
Экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу менен экономикалык алака-катышты жандантуу мүмкүнчүлүгү бар:
"Бул жолдун негизинде Түркмөнстанга дагы темир жол кире баштайт. CASA-1000 долбоорунун негизинде Кыргызстан аркылуу газ түтүктөрү да өтмөк. Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан аркылуу Кытайга газ түтүктөрү өтмөк. Ошондуктан ушул сыяктуу долбоорлор кайра каралышы ыктымал. Бул демилгелер 2000-жылдардан бери эле көтөрүлүп келген. Мындай долбоорлордун келечеги бар. Мисалы, Түркмөнстанда фармация өнүккөн, бир кезде бизге түркмөн дары-дармектери көп алынып келген. Кайра иштетилген азык-түлүк боюнча товар алмашса болот. Кызматташуунун потенциалы бар".
Түркмөнстандагы форумду утурлай "Азыркы коомдогу аялдардын ролу" деп аталган өзүнчө эл аралык жыйын өттү. Аны азыркы түркмөн президентинин эжеси, мурдагы президенттин кызы Огулжахан Атабаева өткөргөнү белгилүү болду.
Атабаева атасы Гурбангулы Бердымухамедовдун ысымын алып жүргөн кайрымдуулук фондунун вице-президенти. Бул иш-чарага өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы, анын администрациясынын башчысы Саида Мирзиёева, азери президентинин тун кызы Лейла Алиева дагы катышты. Кыргызстандан агартуу министри Догдургүл Кендирбаева барды.
Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түркмөнстанды 2006-жылдын аягынан бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедов 2022-жылы бийликти уулу Сердарга өткөрүп берген. Кийин ал Халк Маслахатынын төрагалыгына дайындалып, улут лидери макамын алган.