Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Экономика

Кайрак жерге бак тиккен багбан
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00

Кочкор районунун тургуну Болот Асанбеков Бугучу айылындагы суу жетпеген он беш гектар кайрак жерге өрүк менен кайналынын көчөтүн тиккен. Багбандын кыялы какыраган талааны гүлдөгөн бакчага айлантуу. Гектарлаган аянттагы өрүкзарды ишкер жайы менен сырттан суу ташып келип сугарды.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 2020-жылдын аягында жарандарга жөлөк пул төлөнбөй калуу коркунучу бар экенин айтты.

Бул тууралуу Кочкоров өкмөттүн бюджет мыйзамын талкуулаган жыйында билдирди.

Мунун алдында Социалдык фонддун жетекчиси да келерки жылы пенсия берүүдө маселе чыгышы мүмкүн экенин жарыялаган.

Премьер-министр социалдык тармакты тейлеген эки жетекчинин сөзүн сынга алып, Соцфонддун төрагасын кызматтан кетүүгө чакырды.

Өкмөттүн 27-сентябрдагы жыйынында «2020-жылдын республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Финансы министрлиги Социалдык өнүктүрүү министрлигине 2020-жылга 11 млрд. 504 млн. сом бөлгөнү турат. Бул мекеме сураган акчадан 1 млрд. 306 млн. сомго аз.


Жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ал жетектеген министрликке келерки жылга карата жетиштүү акча каралбай, анын айынан жыл соңунда жөлөк пул төлөнбөй калуу тобокелдиги бар экенин ачык айтты.

Кочкоровдун маалыматына караганда, Финансы министрлиги Социалдык өнүктүрүү министрлигине 2020-жылга 11 млрд. 504 млн. сом бөлгөнү турат. Бул мекеме сураган акчадан 1 млрд. 306 млн. сомго аз. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында министрликке дагы 674 млн. сом кошуп берүү каралууда.

Кочкоров 2020-жылга карата республикалык бюджеттин долбооруна ичи чыкпай калганын, бирок аны колдоп кол коюп берүүгө мажбур болгонун билдирди.

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

- Бюджет боюнча макулдашуу барагына кол коюп бергенимди айтайын. Бул жерде сөздүн ачыгын айтпасам болбойт. Бизде ай сайын үчүнчү же төртүнчү датада кассалык план бекитилет. Бирок бул жолу 13-сентябрда бекитилди. Жөлөк пул алгандар, майыптар күнүгө банкка барып «акча түштүбү?» - деп күнүн эсептеп отурушту. Биз ушул айда акчаны эрте бере алган жокпуз. Анткени «кол койбосоң кассалык план ачылбайт» дегендей мамиле (ред: Финансы министрлиги) жасашты. Биз ошондуктан кол коюп бердик. Мен муну Жогорку Кеңешке барганда айта албайм. Андыктан бул маселени чечишибиз керек Мухаммедкалый Дүйшекеевич.

Бөлүнгөн каражат жыл сайын көбөйгөнү менен ошол эле кезде жөлөк пул алгандардын да саны өсүүдө. 2018-жылы 252 миң киши жөлөк пул алса, учурда алардын саны 312 миңге жетти.


Расмий маалымат боюнча, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 2018-жылы 9 млрд. 297 млн. сом, 2019-жылы 11 млрд. 746 млн. сом бөлүнгөн.

Салыштырмалуу бөлүнгөн каражат жыл сайын көбөйгөнү менен ошол эле кезде жөлөк пул алгандардын да саны өсүүдө. 2018-жылы 252 миң киши жөлөк пул алса, учурда алардын саны 312 миңге жетти.

Социалдык өнүктүрүү министринин жүйөсүндө алардын алдында толгон-токой милдеттер турат. Алардын бири «Майыптардын укуктары жөнүндөгү» Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясында жүктөлгөн милдеттерди аткаруу тапшырмасы бар. Министр бирок ага бир тыйын да бөлүнө электигин айтты:

- Финансы министрлиги 200 млн. сом, 300 млн. сом болобу мүмкүнчүлүккө жараша каражат бөлүш керек. Биз ошого жараша кийинки иштерди пландаштырсак болот. Азыр болсо ар кандай жумушчу топторду түзүп атышат. Бирок ал акча берилбесе да жөн гана үмүт берип туралы деген эле нерсе. Биз ушундай жол менен кете берсек эл аралык конвенция бизде формалдуу гана иштеп калат. Кийин эл аралык коомчулуктун бизге болгон мамилеси да ошондой болот, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

Социалдык өнүктүрүү министрлигине жыл сайын жакырчылыкты 1% түшүрүү тапшырмасы берилген. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1 млн. 429 миң адам жакыр жашайт. Бул жалпы калктын 22,4% түзөт. Бирок ага да каражат бөлүнбөгөнү белгилүү болду.

Кыргызстанда 1 млн. 429 миң адам жакыр жашайт. Бул жалпы калктын 22,4% түзөт. Бирок ага да каражат бөлүнбөгөнү белгилүү болду.
Улуттук статистика комитети


Өкмөттүн жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Медербек Ирсалиевдин 26-сентябрда Жогорку Кеңеште айткан сөзү да талкууга түштү. Анда ал каржылык маселелерге байланыштуу келерки жылы пенсия төлөөдө маселелер жаралышы мүмкүн экенин моюнга алган.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев социалдык тармакты башкарган эки жетекчинин сөзүн катуу сындап, соцфонддун төрагасын кызматтан кетүүгө чакырды.

- Социалдык фонддун төрагасы «2020-жылдын башында пенсия төлөнбөй калуу коркунучу бар» деп жатат. Азыр мен сиздин да сөзүңүздү уктум. Сиз өкмөттүн мүчөсүсүз. Азыр депутат катары сүйлөп калдыңыз. «Коркунуч пайда болду» деген бул өкмөт мүчөсү айтчу сөз эмес. Эгер акча жетпей жатса айткыла биз беребиз. Социалдык маселе боюнча сүйлөгөндө этият бололу. Жөлөк пул, пенсия, айлык, социалдык төлөмдөр көбөйгөн, мыйзамда каралган учурда берилет, - деди Абылгазиев.

Абылгазиевдин бул сөзү коомчулукта ар кандай талкууланып жатат. Жарандык активист Рита Карасартова өкмөт башчынын билдирүүсү боюнча төмөнкүдөй ою менен бөлүштү.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Ушул акыбалда өкмөт башчы тескерсинче өзүн депутаттай көрсөтүп атат. «Буюрса баары жасалат» - деп. Бирок министрлер жетпей жаткан акча тууралуу маалыматты асмандан алып айткан жок да. Алар 2020-жылы Кыргызстанда экономикалык жактан оор жыл болорун билип атышат.

Ал эми экономист Искендер Шаршеев Кыргызстанда социалдык колдоо системасы түп-тамыры менен эскиргенин айтып, жыл өткөн сайын кризиске батып баратканын кошумчалады. Ал мамлекеттик кызматкерлердин тармактагы көйгөйдү ачык айтып чыкканы боюнча буларга токтолду.

- Кыргызстанда 2008-2009-жылдары «мамлекеттик кызматта туруп өз кызматың тууралуу сын айтсаң, жоопкерчилик тартасың» деген мыйзам кабыл алынган. Ал эми башка өлкөлөрдө маселени көрүп, аны айтып чыксаң тезирээк чечилет. Бизде болсо тескерисинче. Бирок, эртең бизде пенсиялык кризис болсо жетекчилер «ушундай кризис болуп калды. Жумуштан кетүүгө даярмын» деп кызматтан кетип калат. Алардын болгон жоопкерчилиги ушул.

Өкмөт жыйынтыгында «2020-жылдын республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык кийинки жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү 163,7 миллиард сом, чыгашасы 173,6 миллиард сомду түзөт. Ортодогу тартыштык 9,9 миллиард сом.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG