Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Чет өлкөлөрдөгү кыргыз айдыңдары жылуу сөзгө арзышат


2016-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн "Мекендештер" шеринесинен бир көрүнүш.
2016-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн "Мекендештер" шеринесинен бир көрүнүш.

XXI кылымдын алгачкы чейрегинде нечендеген кыргыз айдыңдары ар кыл чет мамлекеттерде иштеп келишет. Кыргызстандын тийешелүү бийликтери аларды ыктыярдуу элдик данакер өкүл катары пайдаланып, алардын саамалыктарын астейдил иликтеши жана алар жөнүндө жылуу сөз айтуусу абзел. Тарыхчынын блогу.

Кыргызстан мамлекеттик эгемендикке жетишкенден бери дээрлик 33 жыл өттү. Бул жылдар Кыргызстан үчүн мамлекеттик телчигүүнүн олуттуу мезгили болуп калды.

Жаңы кырдаалда Кыргызстандын айдыңдык (интеллектуалдык) казынасынын өкүлдөрү болгон бир нече жүздөгөн же миңдеген атуулдар башка мамлекеттерге ар кыл жагдайларда көчүп кетип, чет өлкөлөрдө иштеп калгандыгы эч кимге жашыруун эмес.

Алардын айрымдары Ала-Тоодо улам баш көтөрүп, улам кыйраган авторитардык режимдердин саясий кысымынан улам кетүүгө аргасыз болсо, башкалары окууга байланыштуу, илимий жана башка эмгек келишимдерине ылайык кетишкен; тек гана турист катары чет жакка барып, мыйзамсыз байырлап калып, бозгундагы көр оокатты баштан кечирип жаткандар да аз эмес.

Чет жердеги айдыңдардын дээрлик бардыгы кичи мекени, жакындары менен байланыш үзүшкөн эмес. Визалык мүмкүнчүлүктөрү барлар Атажуртуна ырааттуу келип-кетип турушат.

Сыртта туруп алып, ар кыл кайрымдуулук долбоорлоруна демөөрчүлүк кылып жаткандар, диаспоралык уюмдарды негиздеп, ал уюмдар аркылуу Кыргызстанды колдоого алгандар миңдеп саналат.

Дал ушундай жагдайда эгемен Кыргызстан чет өлкөлөрдө ар кыл илим жана маданият тармактарында татыктуу иштеп жаткандарды эстен чыгарбоого, алардын ишмердигин расмий каттап турууга тийиш.

Биз илимпоз жана башка айдыңдардын бардыгын тизмелей албайбыз, бирок алардын арасында даңазалуу окумуштуулар жана коомдук ишмерлер бар экендигин өрнөк иретинде санап беришибиз мүмкүн.

Маселен, АКШда ушул тапта илимпоз тарыхчылар, тилчилер, булак таануучулар, саясат таануучулар, публицисттер, так илимдердин өкүлдөрү жана башка айдыңдар байырлашууда (алардын арасында Анара Табышалиева, Бакыт Бешимов, Жаныбек Адышев, Бактыбек Абдрисаев, Абдумалик Нишанов, Амирбек Усманов, Уран Ботобеков, Абдрасул Исаков, Рысбек Алимов, Эрика Марат, Арууке Уран кызы жана башкалар бар).

Түркияда болсо илимпоз, коомдук ишмер жана ишкер айдыңдарыбыз арбын (арасында илимпоздор Гүлзура Жумакунова, Гүлниса Айнакулова, Майрамкүл Дыйканбаева, Инаш Азим, Сабырбек Бөрүбай, Максут Абдырайим, Кыял Абдырайим, Майрам Байгонушова, ишкер Айбек Сарыгул, акын Айсулуу Көкөева, ж.б. бар).

Батыш Европада да ар кыл өлкөлөрдө үзүрдүү иштеп жаткан окумуштуулар жана башка айдыңдар арбын. Маселен, Улуу Британиянын Шеффилд университетинде нейробиолог Базбек Давлетов, Бас (Bath) университетинин профессору, вакцинаны узакка сактоо ыкмаларын изилдеп жаткан Асел Сартбаева, Лондондо Улуу Британияда негизделген Айтматов Академиясынын жетекчиси, доктор, профессор Рахима Абдувалиева айым, Венгриянын (Мажарстан) Будапешт шаарында Аида Памирбек кызы Казыбаева айым жана башкалар үзүрдүү эмгектенишүүдө.

КМШ өлкөлөрүндө, Кытай, Түштүк Корея, Индия жана Жапонияда иштеп жаткан жаш илимпоздорубуз жана башка айдыңдарыбыз да арбын.

Д.Кендирбаева Бишкектеги жыйында (видео аркылуу) сүйлөөдө. 30.5.2024.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева эл аралык илимий жыйында видео аркылуу сүйлөөдө. КУУ, Бишкек. 30.5.2024.

Биз жакында Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева айым менен баарлаштык. Ал чет өлкөлөрдөгү кыргыз айдыңдары менен илим жана билим берүү тармактарында кызматташтыкты чыңдоо керек деген пикирин билдирди.

“Ушул тапта Кыргызстандын билим берүү системасы бала бакчалардан жогорку окуу жайларга чейинки бардык баскычтарды камтыган терең реформаларды жүргүзүү менен алектенүүдө. Биз Финляндиянын да, Сингапурдун да, Улуу Британия сыяктуу башка Батыш өлкөлөрүнүн да тажрыйбаларын иликтеп жатабыз”, – деди министр.

Менимче, чет өлкөлөрдөгү айдыңдар Кыргызстандын тийешелүү министрликтери жана башка агартуу мекемелери менен илимий же башка чыгармачыл тармактарындагы иштери тууралуу гана кабарлоо менен чектелбестен, өздөрү байырлаган өлкөлөрдөгү бала бакчалар, башталгыч жана орто мектептер, кесиптик окуу жайлар, университеттер жана академиялык мекемелердеги өзгөчөлүктөр жана эске алынууга тийиш башка омоктуу жагдайлар жөнүндө да өз маалыматтарын ортого салышса, абдан алгылыктуу болор эле.

Бул айдыңдык баарлашуу – эки тараптын тең демилгелүү катышуусуна муктаж.

Айтмакчы, расмий Бишкек чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, өзгөчө айырмалуу илимий жана башка ийгиликтерди жараткан илимпоздор менен айдыңдарга, ошондой эле жарандыгы башка мамлекетке таандык, бирок теги жагынан улутташ болгон замандаштарыбызга жылуу сөз айтуу жагынан эч сараңдык кылбашы керек. Аларды чыгармачыл жана илимий кызматташтыктын улам жаңы түрлөрүнө онлайн ыкмасында болсо да катыштыруу жана аларга илимий жана коомдук сый-урмат көрсөтүү абзел.

Мисалы, Базбек Давлетов, Асел Сартбаева, Гүлзура Жумакунова сыяктуу чет өлкөлөрдөгү чыгаан илимпоздорго Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү (академиги) деген наамды ыйгаруу дурус болор эле (ал жогорку наам акча каражатына деле байланбашы керек).

Бул жаатта, албетте, өрнөктөр бар. Кытайлык даңазалуу манасчы Жусуп Мамай (1918–2014) көзү тирүүсүндө “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына татыган. Кытайлык кыргыз илимпоздору, профессорлор Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун жана башкалар айрым кыргызстандык университеттердин ардактуу профессору наамдарын алышкан.

Ал эми ар кыл диаспоралык топтордун лидерлери жана өкүлдөрү менен иш алып баруу жагынан эгемен Кыргызстан бир кыйла тажрыйба топтоого жетишти.

1992- жана 2002-жылдардагы дүйнө кыргыздарынын курултайлары 2010-жылдардын ичинде мекендештердин шеринелери (форумдары) түрүндө кайра жанданып, улам жаңы жана кызыктуу ыкмаларда уюштурулуп келет.

Маселен, 2023-жылы ноябрда Кыргызстанда “Мекендештер” шеринеси алтынчы жолу уюштурулду.

Дал ошондой шеринелерге чыгаан илимпоз айдыңдарды бюрократтык квоталардан тышкары атайын кат менен чакыруу жагын дагы ойлонуштурса болот.

Интернет доорунда чет өлкөлөрдөгү айдыңдар менен баарлашуунун башка да түрлөрүн (маселен, онлайн дарс окутуу, онлайн талкууларга катыштыруу ж.б. ыкмаларды) жүзөгө ашыруу абзел.

Айтор, Ала-Тообуз дүйнөлөшүү кырдаалында дагы заманбап демилгелер аркылуу чет жердеги айдыңдарды өзүнө ырааттуу тарта алат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG