Тарыхчы-окумуштуу Аскар Беделбаевдин өз атасы Улуу Үркүн маалында Бедел ашуусунда төрөлүп, кийин экинчи дүйнөлүк согушка катышып, туткунга түшкөн. Ал эми чоң атасы 1916-жылкы Улуттук боштондук кыймылына катышып, Үркүн маалында Кытайга качып барып, кайра мекенине келген.
Калык Акиев атындагы Жумгал райондук музыкалык драма театры Бишкекте атактуу ырчы Мыскал Өмүркановага арналган "Жаша, Мыскал!" аттуу спектаклди койду. Чыгармада ырчынын чыгармачыл жолу эле эмес, жеке тагдыры, ички арманы чагылдырылган.
Белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу жана публицист Мирзохалим Каримов 72 жаш курагында дүйнө салды. Калемгер соңку жылдары оор дартка кабылып, төшөккө жатып калган. "Азаттык" жазуучунун абалы тууралуу видео баянды көрсөткөндөн кийин айрым жарандар жардам берген.
26-январда камактагы 11 журналисттин жакындары көчөдө маалымат жыйын өткөрүштү. Алар бийликке кайрылып, журналисттердин күнөөсү жок экенин айтып, үй камагына чыгарууну суранышты. Бишкектеги "Парк отель" мейманкасы алдын ала макулдашылганына карабай маалымат жыйын өткөрүүгө уруксат берген жок.
Президент Садыр Жапаров айрым мамлекеттик сыйлыктарды жоюу же тийиштүү талаптарды күчөтүү маселесин атайын комиссия карап чыгарын билдирди. Президент бул тууралуу соңку мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруудан кийинки талкууларга жооп берип жатып айтты.
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүндө шакирттери эскерүү концертин тартуулап, айтыш уюштурду. Ак таңдай төкмөнүн шакирттери өлкөдөгү саясаттан тартып, аялдар укугу, миграция, эне тил сыяктуу талылуу маселелерге кайрылышты.
Атактуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 17-январда 46 жашка чыкмак. Акындын туулган күнүн утурлай "Айтыш" коомдук фондундагы шакирттери өзү түптөп кеткен “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун негизинде эскерүү концертин тартуулашты.
Кыргызстандык шахматчылар Чехиянын борбору Прага шаарында өткөн "Prague Open" эл аралык шахмат фестивалында ийгилик жаратышты. 8-январдан 12-январга чейин созулган бул турнирге 42 өлкөдөн 400гө жакын адам катышты. Анда кыргызстандык үч шахматчы алдыңкы орундарга ээ болду.
Швейцарияда Украинадагы согушту токтотуу боюнча “тынчтык формуласы” талкууланды. Давостогу жыйынга Орусиянын өкүлдөрү чакырылган жок. 24.kg маалымат агенттигине "согушту пропагандалоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү.
Дагы жүктөңүз