Тээ илгерки өтмүш тарыхы гана эмес, береги XX кылымдын башындагы кыргыз тарыхы да жаңыча иликтенүүдө. Чыгаан башкыр тарыхчысы, булак таануучусу жана мамлекеттик ишмери Ахмет Заки Валиди Тоган өз эскерүүсүндө 1914-жылы Казанда Сарыкулов деген кыргыз студентке жолукканын жазган.
Кара-Кыргыз автоном облусунун негизделгенине быйыл 100 жыл болот. XX кылымдагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн кыл чайнашкан күрөш. 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусу кантип түзүлгөн? Республика түзүү идеясынын артында кимдер турган?
Бирок учурда жазуучунун абалы андан да оорлошуп кеткени маалым болду. Калемгер учурда жардамга муктаж болуп турат.
Кыргызпатент мамлекеттик мекемеси жыл сайын чыгарып келе жаткан “Саамалык” ырлар жыйнагынын 2023-жылкы басылышында жаш акын Бүкалча Маматали кызынын сегиз ыры башка автор тарабынан жарыяланып кеткени белгилүү болду.
1930-жылдары сталиндик режим Кыргызстанда нечендеген айдыңдарды жалпы түрк ынтымагы идеясын колдошкондугу үчүн “пантүркчү” деп айыптап, жазыксыз жазалаган. Бирок коммунисттик цензуралык бөгөткө карабастан ата-бабалар колдогон бул боордоштук идеясы сакталып кала берген.
Бишкектин башкы аянтында Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинди. Ош мэриясы экс-бажычы, коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун үйүнүн муниципалдык жерге мыйзамсыз курган тосмосун бузду. Орус армиясы Украинага “Кинжал” ракетасы менен сокку урду. Белгород облусунда 300дөй киши эвакуацияланды.
“Азаттыктын” студиясында сынчы, адабиятчы Аскар Медетов менен акын, котормочу Жыргалбек Касаболотов катышкан талкууда улуттук көркөм адабияттын өнүгүү багытындагы тенденциялары, айрым оош-кыйыштар, кийинки муундагы калемгерлердин чыгармачылыгындагы айрым өңүттөр тууралуу сөз болду.
Азыркы тапта интернет аркылуу жайылып жаткан “тарыхый” делген жалган маалыматтар арбын. Ошолордун бири – Энесайда мындан 5000 жыл илгери (б.а. б.з.ч. III миң жылдыкта) түркчө жазылган имиш делген эпиграфикалык текст тууралуу “кабар”. Аны түркиялык илимпоздор өздөрү жалганга чыгарып келекелешүүдө.
Жаңы жыл алдында мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде эстрада ырчысы Нурлан Насиптин композитор катары тааныштырылганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Айрымдар ырчыны колдоого алса, башкалар обончу менен композиторду айырмалай албай калган деңгээлге жеттик деп сын-пикирлерди калтырууда.
Айылдан шаарга келгендердин көбүнүн батир деген көрүнбөгөн көйгөйү болот. Көчөдөн-көчө койбой издеп жүрүп үй табыш – тозок жумуш. Мамат Сабыровдун “Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа” аңгемесинде мына ушул көйгөй, жаш адамдын турмушу сүрөттөлгөн.
Дагы жүктөңүз