Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:53

“Кыргыз Республикасы” термини орус тилиндеги саясий жана илимий адабиятта кантип жазылып келет?


Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Мында "Кыргыз С.С.Р." аталышынын орусча котормосу берилген эмес. 23.03.1937.
Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Мында "Кыргыз С.С.Р." аталышынын орусча котормосу берилген эмес. 23.03.1937.

Заманбап өлкөлөрдүн саясий аталыштары өзгөргөн чакта, алар башка тилдердеги сыяктуу эле орус тилинде да өзгөртүлүп келишет. Бирок “Кыргыз Республикасы” сөзүнүн орусча расмий котормосунда негедир “ы” тамгасынан качышат. Тарыхчынын блогу.

Тарыхый булактардагы жагдай

Байыртадан эле кыргыз этнонимин ар кыл элдерде ар башка айтымдарга жакындатып чагылдырып келишкен.

Маселен, “кыргыз” этноними кытайлык иероглиф аркылуу ар кыл доорлордо ся-цзя-сы, цзе-гу, ки-ли-ки-зы, жиер-жи-сы, ж.б. ар башкача түрлөрдө сыпатталган.

“Эл аралык Евразия таануу журналынын” 2019-жылдагы №9 санынын мукабасы.
“Эл аралык Евразия таануу журналынын” 2019-жылдагы №9 санынын мукабасы. Мында профессор Ю Тайшандын көөнө кыргыз этноними тууралуу ханзуча макаласы бар.

2019-жылы бээжиндик профессор Ю Тайшан "кыргыз" этнониминин ханзу тилиндеги эң байыркы сыпатталышын калыбына келтирип, кыргыз тарыхынын байыркы мезгилдик алкагын б.з.ч. X кылымдагы Му-ван деген падышанын уламыштык сапарлары менен байланыштырды. Демек, ал кыргыздардын ханзу (кытай) тилиндеги жазмаларда эскерилген доорун мурдагы кабыл алынып келген б.з.ч. 201-жылдык датадан дээрлик сегиз кылымдай эртерээк (байыркыраак) кылып көрсөттү.

Байыркы кытай жазма булактары боюнча ири адис болгон бул профессорго 2023-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылгандыгын белгилей кетели.

Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасы.
Махмуд Кашгари Барскани 1072-77-жж. арапча жазган “Дивану лугати т-турк” эмгегиндеги дүйнө картасы.

Ал эми орто кылымдардын эрте мезгилиндеги арап жазмаларында “кыргыз” этноними “хирхиз” деп белгиленген. Махмуд Кашгари Барскани бабабыз 1072–1077-жылдары арапча жазган “Дивану лугати т-турк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”) эмгегинде болсо бул термин алгачкы жолу “кыркыз” түрүндө чагылдырылган. Фарсы булактарында бул этноним “хирхиз”, “киргиз” ж.б. түрлөрдө чагылдырылып келген.

Түрк элдеринин орток жазмасы болгон “битик” жазмасынын көптөгөн сакталып калган эстеликтеринде бул этноним “кыркыз” деген түрдө берилген.

Уйбат VI (e-98) жазмасынын текстинин чиймеси.
Уйбат VI (e-98) жазмасынын текстинин чиймеси.

Түркиялык илимпоз Женгиз Алйылмаз (2013) жана анын кыргыз кесиптеши Нурдин Усеев (2023) жазып чыгышкандай, Монголиянын борбордук чөлкөмүндөгү Баянхонгор аймагынын (облусунун) Буйагаан сомонуна караштуу Гурван-Мандал деген жердеги бир тоодогу аскага жазылган Гурван-Мандал битик жазма эстелигинде “кыргыз” этноними башка битик жазма эстеликтериндегидегидей “кыркыз” (kırkız) деп берилбестен, “кыргыз” (kırğız) деген түрдө жазылган экен.

Айтор, “кыргыз” этноними нукура кыргыз жана түрк тилдеринде, – тил илиминин сөзү менен сыпаттаганда, – аралаш катардагы ачык үндүү “ы” тыбышы аркылуу ырааттуу чагылдырылган.

 Абдыкадыр Орозбеков (1889—1938)
Кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери Абдыкадыр Орозбеков (1889—1938)

Советтик алгачкы жыйырма жылдагы жагдай

Негизи, “кыргыз” этнонимин орус тилинде “киргиз” дебестен, “кыргыз” түрүндө жазуунун эч кандай өөнү жок.

Орусиялык бир катар чыгаан тилчилер менен тарыхчылар совет доорунун алгачкы он жылдыктарында деле, кийинчерээк деле “кыргыз” деген этнонимдик түрдү орус тилиндеги саясий жана илимий адабиятка сунуштап жана өздөрү да колдонуп келишкен.

1936-жылы ал кездеги Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин (парламентинин) төрагасы Абдыкадыр Орозбеков Кыргызстандын бийликтеринин атынан Маскөөдөгү бийликтерге кайрылып, орус академиги А.Н.Самойлович “кыргыз” этнонимин орус тилинде деле “кыргыз” деп жазуу керектиги тууралуу маселени бир нече ирет козгогондугун, мурдагы Тифлис, Батум топонимдери эми грузиндердин талабына ылайык орус адабиятында деле Тбилиси, Батуми деп аталып калгандыгын, ал эми “киргиз” сөзү таптакыр одоно маани берип калган учурлар бардыгын эске алуу керектигин баса белгилеп, орус тилинде “кыргыз”, “кыргызский”, “Кыргызстан” деген түрлөрдү расмий колдонууну сунуштаган.

Абдыкадыр Орозбековдун орусча өтүнүч катынан үзүндү:

“...Вопрос о замене в литературе и в официальных документах формы «киргиз» формой «кыргыз» неоднократно ставился, в частности академиком А.Н.Самойловичем.

В настоящее время, как видно из постановления ЦИК Союза ССР, происходит исправление искаженных на русском языке передач и приведение их в соответствии с местными национальными названиями, как, например, «Тбилиси» вместо «Тифлис», «Батуми» вместо «Батум» и т.п.

Учитывая, что русский язык вполне позволяет писать правильно «кыргыз», Президиум ЦИК Кир. АССР считает необходимым в дальнейшем передавать слово «qьrqьƶ», через русское «кыргыз», сохраняя это начертание во всех производных словах: Кыргызстан, кыргызский и т.п.

В силу этого, а также ввиду предстоящего принятия новой конституции Союза ССР, ЦИК Кир. АССР просит ЦИК Союза ССР вынести специальное постановление президиума о передаче слова «qьrǧьƶ» через русское «кыргыз», последовательно проводя такое начертание во всех производных словах.

Председатель Центрального

Исполнительного Комитета

Киргизской АССР А. Уразбеков”.

Ал эми СССР ИАсынын Коомдук илимдер боюнча бөлүмүнүн академик катчысы, философ Абрам Моисеевич Деборин (туулгандагы тегаты Иоффе; 1881–1963) болсо өзүнүн 1937-жылы 21-февралда Кремлге жөнөткөн расмий жооп катында Кыргызстандын бийликтеринин өтүнүчүнө колдоо көрсөткөн.

Бир кездери меншевик болгон, В.И.Лениндин колдоосуна татыган, кийин болшевик болуп калган философ, академик А.М.Деборин: “Мындай алмаштырып коюу кыргыз тилинин көз карашы менен алганда туура болот жана орус тилинин жагдайынан алганда деле кабыл алууга мүмкүн деп эсептээрибизди билдиребиз” (“На Ваш запрос о замене названия народа киргиз формой «кыргыз» сообщаем, что мы считаем эту замену правильной с точки зрения кыргызского языка и допустимой с точки зрения русского”), – деп жазган.

А.М.Деборин андан ары мындайча жазган:

“...Армян ССРинин жана Грузин ССРинин борбор шаарларынын аталыштарынын жакынкы мезгилдеги өзгөртүлүшү бул аталыштардын орус тилиндеги жазмалык чагылдырылышын армяндардын жана грузиндердин элдик жана тарыхый айтылышына жакындаткандай эле, «кыргыз» деген элдин орус тилиндеги аталышындагы кош муундагы “и” тамгасынын ордуна “ы” тамгасын киргизүү менен өзгөртүү жасачу болсок, анда бул аталыштын жазмадагы чагылдырылышы кыргыздардын накта элдик айтылышына жакындатылмакчы.

«Киргиз» дегендин ордуна «кыргыз» деп жазылышынын кыргыз тилинин көз карашынан алганда тууралыгы азыркы кыргыздардын элдик айтылышы аркылуу гана эмес, биздин замандын VIII кылымынан берки тарыхый (жазма) эстеликтер аркылуу да тастыкталат.

(СССРдин) Илимдер Академиясы тарабынан басылып чыккан байыркы түрк тилиндеги VIII кылымда “Орхон алфавити” деп аталган же түрк рундары делген жазмадагы жана азыркыга чейин Монгол Эл Республикасынын аймагында сакталып калган таштарга чегилген жазууларда азыркы кыргыздардын ата-бабалары жөнүндө эскерилген; анан калса, VIII кылымга таандык бул жазма эстеликтерде алардын ушул ата-бабаларынын аталышы «кыркыз» делип, б.а. кош муунда тең алдыңкы “и” деген үндүү тыбыш аркылуу эмес, арткы “ы” деген үндүү тыбыш аркылуу белгиленген болчу.

Маселен, VIII кылымга таандык Күлтегиндин элесине арналган жазма эстеликте элдерди тизмектеп жатканда башка кытайлар, тибеттиктер ж.б. элдердин арасында “кыркыз” эли да эскерилет.

(“Как имевшее за последнее время переименование названий столиц Армянской и Грузинской ССР приблизили начертание этих названий в русском языке к народному и историческому произношению армян и грузин, так и изменение наименования народа «кыргыз» на русском языке путем введения в начертание этого слова буквы «ы» вместо буквы «и» в обоих слогах «кыргыз» вместо «киргиз» приблизит начертание этого наименования в русском языке к подлинному народному кыргызскому произношению.

Правильность начертания «кыргыз» вместо «киргиз» с точки зрения кыргызского языка подтверждается не только современным народным кыргызским произношением, но и историческими памятниками, начиная с VIII века нашей эры. В изданных Академией наук надписях на древнем тюркском языке, вырезанных в VIII веке так называемым орхонским алфавитом, или тюркскими рунами на камнях, сохранившихся поныне на территории Монгольской Народной Республики, встречается упоминание предков современных кыргыз, и название этих предков изображено в упомянутых надписях VIII века в форме «кыркыз», т.е. с обозначением в обоих слогах заднего гласного «ы», а не переднего гласного «и». Так, в надписи в память Кюльтегина VIII века при перечислении народов упоминается среди других народов: китайцев, тибетцев и других народ «кыркыз».”)

Булак: https://islamperspectives.org/rpi/items/show/22482

Албетте, бул жооп катты жазууда орусиялык чыгаан тилчи, чыгыш таануучу жана түрколог окумуштуулар академик А.М.Деборинге адистик көмөк кылышкандыгы айдан ачык.

1936-жылы 5-декабрда Кыргызстандын расмий макамы конституциялык деңгээлде автономиядан жогорку сереге – союздук жумуриятка көтөрүлүп, анын кыргызча расмий аталышы “Кыргыз ССРи” болуп калган.

1937-жылдагы Кыргыз ССРинин гербинин этегинде кыргыз тилинде латын тамгасы менен “Кыргыз С.С.Р.” деп жазылып, бирок анын орусча аталышы бул гербде чагылдырылган эмес.

Арийне, 1937–1938-жылдардагы сталиндик репрессиялардын ири толкуну маалында кыргызстандык далай мамлекет башчылары жана айдыңдары (алардын арасында А.Орозбеков, А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев, Т.Айтматов, К.Тыныстанов, Б.Данияров, С.Нааматов, ж.б.) жазыксыз жерден өлүм жазасына тартылышып, же 1930–55-жж. абактарда, сүргүндө болушуп, ал эми алардан кийин саясий “Олимпке” келген жаңы толкундагы саясатчылар орус адабиятындагы “кыргыз” термини жаатында кайрадан маселе козгоодо бечелдик кылып калышкандай...

“Кайра куруулар” доорунун соңку жылындагы жана постсоветтик доордогу жагдай

“Кайра куруулар” доорунун соңку мезгилинде, 1990-жылдын 15-декабрынан тартып, Кыргызстан өзүнүн кыргызча аталышын “Кыргыз Республикасы” деп, ал эми орусча аталышын “Республика Кыргызстан” деп расмий атап калган. Кийинчерээк, эгемендик доорунда, орусча аталыш "Кыргызская Республика" (б.а. “Кыргыз Республикасы”), ал эми кыскартканда “Кыргызстан” түрүндө сунушталды. Бул аталыш Кыргыз Республикасынын Башмыйзамында да тастыкталган.

Албетте, Кыргыз Республикасы аталышын орусча "Кыргызская Республика" деп атоодо эч катачылык жок. Орусиялык чыгаан түркологдор белгилешкендей, бул терминди орус тилинде жөндөө да оңой.

Дегиңкиси, "кыргыз" этноними каткалаң "з" менен аяктагандыктан, орус тилиндеги ага таандыктыкты туюнткан “-ский” куранды мүчөсүн (-ский: кыргызский народ; -ская: кыргызская нация, - ское: санаторий "Кыргызское взморье") оңой жалгаштыра алабыз.

Ал эми бүгүнкү Орусия Федерациясындагы жумурияттын аталышы болгон Тыва деген сөзгө келсек, бул этнонимдин акырында үндүү тыбыш (а) бар болгону үчүн алар жумурияттын орусча аталышын “Республика Тыва” деген түрдө алышты го дейм (тывача - Тыва Республика).

Демек, алар орусча "Тывинская Республика" делчү варианттан атайылап качышты. Саха эли да ошентти: "Республика Саха (Якутия)". Анын саха тилиндеги аталышы: Саха Өрөспүүбүлүкэтэ, кыскараак: Саха Сирэ (Саха жергеси").

Бул жагдай – орус тилин саха жана тыва саясатчылары кыргыздардан көп же аз билгендиктен эмес, орусча расмий аталыштагы текстте тывинский, сахинский түрүндөгү болжолдуу адъектив варианттарынан атайылап качкандыктрынан улам болду.

Дагы бир мисал айталык. Биз орустарды туурап, чехтердин жумуриятын “Чехия” деп атап келебиз, ал эми чехтер өздөрүнүн өлкөсүн Ческо / Česko дешет (толук расмий аталышы - Česká republika / Ческа република), бирок орусча Чехия, Чешская Республика варианттары колдонулат.

Эмне үчүн постосветтик Орусияда “Кыргызстан” аталышы расмий колдонулбайт?

Ал эми Кремлдин орус тилиндеги расмий терминологиясында мурдагы Бирма өлкөсү 1989-жылга чейин орус тилинде “Социалистическая Республика Бирманский Союз” деп аталып келсе, кийин “Союз Мьянма” деп, ал эми 2010-жылдан тартып “Республика Союз Мьянма” деп атала баштады.

Негедир орусиялык саясий жетекчилик жаңы сунушталган “Мьянма” сөзүнө оңой гана көчтү да, "Бирма" сөзү тарых архивинде калды; ал эми постсоветтик Кыргызстан, Беларус жана Молдова жумурияттарынын аталыштарын орус тилиндеги саясий адабиятта мурдагы совет доорундагыдай “Киргизия”, “Белоруссия” жана “Молдавия” түрлөрүндө атоону расмий Кремл көшөрүп улантып келет.

Ар кыл жүйөөлөрдүн ичинде орус тилинин өзгөчөлүктөрү да айтылып жүрөт. Бирок азыркы орусча саясий жана географиялык адабиятта Выборг, Вычегда, Катынь, Кызыл, Сыктывкар (мурдагы аталышы Усть-Сысольск), Тыва, Тында, Ус-Хатын, Ытык-Кюёль (Саха жумуриятындагы көл), ж.б. “ы” тыбышы бар топонимдер арбын колдонулуп келет.

Кызыл шаары, Тыва Республикасы.
Кызыл шаары, Тыва Республикасы. 28.4.2023.

Аргасыздан гана “Кыргызстан”, “Кыргызская Республика”, “Беларусь” жана “Молдова” аталыштарынын постсоветтик Орусиядагы орус тилиндеги расмий адабиятта жерилип жатышында эски шовинисттик саясий көз караштын кермек даамы бар го деп боолголойбуз. Албетте, бул – жеке пикирибиз.

Дароо баса белгилеп айта кетүү абзел: орусиялык калыс окумуштуулар, публицисттер, калемгерлер “кыргыз”, “Кыргызстан”, “Кыргызская Республика” аталыштарын ар дайым жана ырааттуу колдонуп келишет.

Ал түгүл 2016-жылы Маскөөдө “Кыргызы” деп аталган ири этнографиялык энциклопедия да жарык көргөн.

Айрымдар эми эгемен Кыргызстандын эли башка өлкөлөрдүн элинин тилинде “кыргыз” этноними эмне деп жазылгандыгына эч көңүл бөлбөй эле койбойбу, деп калышат.

Бирок азырынча орус тили Кыргыз Республикасында этностор аралык баарлашууда да мамлекеттик тилден (кыргыз тилинен) кийинки экинчи даражада колдонулуп жаткан расмий тил макамына ээ. Демек, азыркы Баш мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасы дал ушул орус тилинде дагы өз аталышын таасын чагылдырып билдирүүгө акылуу.

Ал эми орус тили Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынан биротоло алынып салынчу болсо, жана Кыргызстан орус тили арбын колдонулган КМШ сыяктуу жасалма бирикмелерден чыгып кетчү болсо, анда, албетте, расмий Бишкек чет өлкөлөрдө сыяктуу эле, Орусияда деле “кыргыз” этнонимин каалашынча жаза беришет эмеспи, деп бүтүмгө келиши мүмкүн.

Ошондо да орус тилин Орусиядагылардан кем эмес билген кыргыз калемгерлери жана дүйнө жүзүндөгү башка орус тилдүү окумуштуулар жана айдыңдар дал ушул орус тилинде “кыргыз”, “Кыргызская Республика” деп жаза берээри ажеп эмес.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG