Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:55

Мамлекеттик сыйлыктарды жоюу же кыскартуу керекпи?


Кыргызстандын бир катар мамлекеттик сыйлыктары. Бишкек. 12-сентябрь, 2023-жыл.
Кыргызстандын бир катар мамлекеттик сыйлыктары. Бишкек. 12-сентябрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров айрым мамлекеттик сыйлыктарды жоюу же тийиштүү талаптарды күчөтүү маселесин атайын комиссия карап чыгарын билдирди. Президент бул тууралуу соңку мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруудан кийинки талкууларга жооп берип жатып айтты.

Кыргызстанда соңку жылдары мамлекеттик сыйлыктар тапшырылгандан кийин коомчулукта кайчы пикирлер айтылып келет. Мамлекеттик сыйлыктын баркы жана келечеги тууралуу кеп кылабыз.

Этно-фольклор жанрындагы чыгармаларды аткарган музыкант Нурбек Серкебаев белгилүү кыл кыякчы Бакыт Чытырбаевди үч жылдан бери мамлекеттик сыйлыкка сунуштап жүргөнүн айтып, бирок белгисиз себептерден улам ал сыйлык албай келгенине нааразылыгын билдирди.

Серкебаев мындан улам социалдык тармактагы баракчасында байма-бай кайрылуу жасап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Президенттик администрациянын алдына кыл кыяк ойноп флешмоб өткөрөрүн жарыялап келет.

Нурбек Серкебаев.
Нурбек Серкебаев.

“Бакыт Чытырбаев 1985-жылдардан баштап эки кылдуу кыл кыяк менен алектенип, ага баш оту менен кирип, 70ке жакын күүлөрдү нотага түшүргөн. Кыскасын айтканда, жоголуп бараткан кыл кыякты сактап калган талант. Бул кишиге “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын берип койгула деп үч жылдан бери какшап келе жатам. Ага негизи ал сыйлыктын деле кереги жок, өзү кызыкпайт. Бирок анын татыктуу сыйлык алышы биздин маданият үчүн керек да. Маданиятыбызга Чытырбаев эмес, анын иши керек. Ушундай таланттар бар үчүн биздин маданият министрлиги, андагы кызмат адамдары айлык алып ишмердик жүргүзүп жатат да. Маданиятыбыз ушундай өнөрпоздорубуз бар үчүн кармалып турат. Анан каяктагы той ырчыларына, халтурщиктерге, өлкөнү дүйнөгө таанытпаган адамдарга мамлекеттик сыйлык берүү туура эмес. Бул келечекти халтурага алып барат. Ошондуктан биз флешмоб жасайлы дегенбиз, анан маданият министри “токтоп тур, журналисттер менен мага кел” деген. Ошону күтүп жатабыз”, - дейт "Азаттыкка" Нурбек Серкебаев.

“Азаттык” 2022-жылы кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев тууралуу видео баян даярдаган. Кыл кыякты кийинки муунга кеңири жайылтууга аракет кылып жаткан өнөр адамы соңку жылдары кыл кыяктын жаңы күүлөрү чыгарылбай калганын, өзү жаңы эмгектерди жаратуу үчүн "Манас" эпосунан эргүү издеп жатканын кеп кылган.

Өлкөдө мамлекеттик ишмерлерге, илимий жана маданият чөйрөсүндө эмгек өтөгөндөргө мамлекеттик сыйлыктар тапшырылгандан кийин коомчулукта дайыма эле кайчы пикирлер айтылып, талкуулар жүрүп келет. Сынга алгандардын көпчүлүгү кээ бир сыйлыктар ээлерине татыксыз берилгенин, айрым таланттуулар көмүскөдө калып жатканын жүйө кылышат.


Жыл жаңырарда эле мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган эстрада ырчысы Нурлан Насиптин композитор катары тааныштырылганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Айрымдар аны колдоп, сыйлыкты татыктуу алганын жазышса, дагы башкалар обончу менен композиторду айырмалай албай калган деңгээлге жеттик деп сын-пикирлерди жазышкан болчу. Муну маданиятка болгон жоопкерчиликсиз мамиле катары баалагандар да чыккан.

Бир топ кызыган бул талкууда сыйлыктарды жоюп салууну же сыйлык ээсин тандоо талабын күчөтүүнү демилгелегендер да чыкты.

"Сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз"

Ал арада президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде мамлекеттик сыйлыктар жана анын айланасындагы соңку талкуулар тууралуу да учкай кеп кылды.
Мамлекет башчы быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата 100гө жакын кишиге сыйлык тапшырыларын, андан кийин айрым мамлекеттик сыйлыктарды жоюу же талаптарды күчөтүү маселесин Сыйлык берүү боюнча комиссия карап чыгарын билдирген.

“Мурда сыйлыктар сатылып келгенин баарыңар эле жакшы билесиңер. Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ СССР мезгилинен бери элге эмгеги сиңгендер сыйлык албай келишкен. Мен келгенден кийин дароо ревизия кылдырттым. Илгертен бери эмгеги сиңип, бирок сыйлык ала албай жүргөндөрдүн баарына сыйлык берип бүттүк. Эми быйыл мамлекеттүүлүгүбүздүн 100 жылдыгына байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык беребиз. Болду, ошону менен сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз. Айрым сыйлыктарды жоёбузбу же талаптарды күчөтөбүзбү, ал боюнча сыйлык берүү боюнча комиссия карап чыгат”.

Мамлекеттик сыйлыктарды өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата, Жаңы жыл, 8-март, Конституция күнүндө жана ар кайсы кесиптик майрамдарга туштап берүү салты тунгуч президент Аскар Акаевден бери келе жатат. 2011-жылы бийликке келген президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды туш келди таратууга каршылыгын билдирип, убактылуу мораторий киргизген эле. Бирок ал президенттик мөөнөтүнүн соңку жылдарында өзүнүн кеңешчи, жардамчылары баш болгон бир катар кишилерге сыйлык бергенде, коомчулуктан сынына кабылган. Маселен, анын айласындагы Сапар Исаковго, Икрам Илмияновго, Фарид Ниязовго "Манас" ордени ыйгарылган.

2017-жылы Атамбаев кызматынан кетерде 150дөн ашык адамга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча жарлык чыгарган.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик сыйлыктар боюнча буларды билдирди:

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

“Мамлекеттик сыйлык боюнча атайын түзүлгөн комиссия бар. Анын мүчөлөрүн президент жана комиссиянын төрагасы өзү эле билет. Башка эч кимге маалым эмес. Анткени коррупция болуп кетпесин деп атайын ушундай мыйзам иштелген. Ошондой эле президент комиссия мүчөлөрүн бат-бат алмаштырып турат. Сыйлыктар комиссия мүчөлөрү карап чыгып, талкуудан өткөргөндөн кийин анан берилет. Акыркы учурда сыйлыктар көбүрөөк берилип калганынын бир эле себеби бар. Атамбаев сыйлыктарга мораторий киргизип коюп, сыйлык берүү мыйзамын өткөрөм деп, 2010-жылдан 2020-жылга чейин он жыл сыйлык берүү азайып калган. Ошол мезгилде көп эле татыктуу адамдарга берилбей, топтолуп калышкан. Анан ошондуктан комиссия көп адамга сыйлык берип жатты көрүнөт. Эми барган сайын азая баштады. Быйыл сыйлык алуучулар жүздүн тегерегинде болуп калды. Эгерде сыйлык ыйгаруу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе турган болсок, анда муну Жогорку Кеңеш чечиши керек”.

“Сыйлыктын баркы жоголду”

Филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева учурда кыргыз коомчулугунда сыйлыктардын баа-баркы кетип калды деген пикирде:

Лайли Үкүбаева.
Лайли Үкүбаева.

“Сыйлык СССРден калган нерсе да. Сыйлык алуу ошол доордо абдан маанилүү, барктуу эле. Адамдын андан аркы аракеттерине мотивация болчу. Азыр бизде сыйлыктын баркы жоголду. Сыйлангандардын арасында, албетте, татыктуусу деле бар. Бирок татыксыздар дагы ала бергендиктен, азыр жалпысынан сыйлыктын маңызы кетип калды. Дегеле азыр сыйлыктан башка да көп нерсенин баркын кетирип салбадыкпы. Сөзүбүз менен ишибиз шайкеш келбей калды. “Бармак басты, көз кысты”, “таанышы күчтүүлөр танка" болгон учурларда жашап жатабыз. Мына ошондуктан азыр сыйлыктын кереги барбы, жокпу - айтуу да кыйын болуп калды”.

"Наам жаатында маселе көп"

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын төрагасы Түгөлбай Казаков ардак наамдар менен сыйлыктын түрлөрүн чаташтырбоо керектигин, ардак наамдарды чынында эле кайрадан карап чыгуу маселеси бар экенин айтат:

Түгөлбай Казаков.
Түгөлбай Казаков.

“Бизде илим жаатындагы мамлекеттик сыйлык, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы, анан Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык бар. Мындан тышкары ведомстволук сыйлыктар бар. Мисалы, Бакен Кыдыкеева сыяктуу атактуу адамдардын атындагы ар тармактагы сыйлыктар бар. Булар өзүнчө. Ал эми ардак наамдар өзүнчө. Мисалы, эмгек сиңирген ишмер, эл артисти баш болгон наамдар – булар ардак наамдар. Казактар мурда “эл артисти”, “эмгек сиңирген артист” деп жүргөн, кийин аларды кыскартып эле “эмгек сиңирген кайраткер” деген наамды калтырышкан. Ушул сыяктуу сыйлыктар ар өлкөдө ар кандай. Демек, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрүш керек. Элди эмне тажатып, ирээнжитип атат - муну да караш керек. Бир жагынан карасаң, Индия, Кытай, Жапония, Америкада “эл артисти, эмгек сиңирген артист” дегендер жок. Мисалы, Кытайда биринчи категориядагы артист деп коёт экен дагы, анын айлык, пенсиясына таасири болот экен. Мүмкүн, ошондойго өтүш керекпи, айтор жолу көп. Сыйлыктар бизде өз жолунда эле. Ал эми наамдарды карасак болот. Бизде эл артисти наамын алып, иштеп жүргөндөрдүн айлыгына акча кошулат. Мен ал акчаны айлыгына кошпой эле кийин пенсиясына кошуп бербейсиңерби, азыр ансыз деле айлык алып иштеп атат деп айтып жүрөм. Себеби пенсияга чыккандан кийин анын наамы троллейбус менен автобустан башка жерлерге кереги жок болуп жатпайбы. Азыр эл артисти дегендер персоналдык пенсияга да чыкпай калды да. Айтор, наамдар жаатында карай турган маселе көп”.


Казаков сыйлыктын айланасындагы токтобой келген талкуулар тууралуу буларды кошумчалады:

“Кыргыз өзү атаандашып жашаганды жакшы көргөн эл. Эгер катарлаш бирөө ардак наам алса, беркиси өлбөгөн жерде калат. Тааныштын баарын салат же интернеттен шыбап, акмагын чыгарат. Комиссиядан өтпөй калган болсо, аларды кошуп шыбайт. Андайларды да көрүп жатабыз да. Ошентип коркутуп, жадатып отуруп наам, сыйлык алгандар да бар. Кээ бирөөлөр жулкунбайт, жакшы иш жасап коюп жүрө берет. Негизи ошолорду баалаш керек”.


2023-жылы өлкөнүн эгемендик күнүн утурлай президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 450гө чукул адамга эң жогорку "Манас", "Даңк", "Эрдик" орден-медалдары баштаган мамлекеттик сыйлыктар берилген.

"Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлык алган 400дөн ашуун адамдын катарында коррупцияга айыпталып, айып пул төлөп чыккандар, мамлекет башчыга жакын адамдар да бар экени коомчулукта талкууга алынган.

Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамга ылайык, сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштамаларды өлкө президентине Жогорку Кеңеш, өкмөт, Жогорку сот, президенттик аппарат жана башка мамлекеттик мекемелер, Акыйкатчы, кесиптик кошуундар бере алат.

Сунуштамаларды Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия карап, баа берет жана президентке сунуш киргизет.

Соттуулугу жоюлбаган же алып салынбаган адамдар мамлекеттик сыйлыктарга же ардак наамдарга көрсөтүлбөшү керек.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Тектеш

XS
SM
MD
LG