"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кара-Кулжа районунда экинчи жолу “Тоо балы” фестивалы өттү. Аймактардан чогулган элүүдөн ашык балчы өз продукцияларын элге жайып, аарынын жаңы породаларын өстүрүүнү үйрөнүштү. Фестиваль алкагында атайын форум өтүп, анда балды өндүрүүнүн жана экспорттоонун көйгөйлөрү талкууланды.
Интернетте кызуу талкууланган сүрөттөгү картон кагазда уктап жаткан баланын аты-жөнү аныкталып Ош шаарындагы реабилитациялык борборго жаткырылды. Үч жаштагы Исхак, эки бир тууганы жана апасы Зульфия Үсөнова менен чогуу Кара-Суу шаарына жакын батирде жашашат экен. Эки жолу турмушка чыгып, ажырашып ке
Оштогу "Тешик-Таш" базарынынын сатуучулары базарга кирген жолдун жабылышына нааразылык билдирип чыгышты. Алар кире беришке бетон коюу аркылуу мэрия соодагерлерди мажбурлап башка жакка көчүргүсү келип жатат деп даттанууда. Жергиликтүү бийликтер болсо жашылча-жемиш базарындагы блок-пост коопсуздуктан
17 жаштагы Юлдуз Байбабаеваны Ошто “машинанын кардиологу” деп атап коюшат. Анткени ал автоунаанын моторун ийне-жибине чейин билет. Айрым эркектер түшүнө бербеген карбюратор, инжектор, коллектор деген тетиктерди Юлдузхан бир заматта оңдойт. Байбабаеванын мындан башка да өнөрлөрү тууралуу ушул видеоба
Кара-Суудагы Мамажан айылында чөөлөр көбөйүп, адамдарга тиш сала баштады. Жырткычтар мүрзөдөгү сөөктөрдү казып жеп, айбандарга асылган. Ошого карабай ушу кезге дейре мергенчилер жардамга келе элек. Айласы кеткен жергиликтүү тургундар чөөлөр менен өз алдынча күрөшө баштады.
Оштун Кара-Суу районундагы Мамажан айылында чөөлөр көбөйүп, адамдарга тиш салууда. Жырткычтар мүрзөдөгү сөөктөрдү казып жеп, үй жаныбарларына асыла баштады. Аңчылар бирикмелерине жана башка органдарга бир нече билдирүүлөр жөнөтүлгөн. Бирок азырынча мергендер келе элек.
Ошто жоокерлер ортосундагы мушташта набыт болгон ефрейтор Эламан Ташбалта уулунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Маркумдун жакындары Эламан мыкаачылык менен сабалганын айтып чыгышты.
Ошто жоокерлер ортосундагы мушташта набыт болгон ефрейтор Эламан Ташбалта уулунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Тийиштүү мекемелер окуянын чоо-жайы тууралуу кененирээк кабар таратыша элек. Бирок маркумдун жакындары Эламан мыкаачылык менен сабалып өлтүрүлгөнүн айтып чыгышты. Маркумдун сөөгү Ноока
Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучусу Сюита Маматова менен окуу жай жетекчилигинин чыры дагы ырбады. Ректорат окутуучуну сотко берсе, окутуучу алардын дагы башка мыйзамсыз аракеттерин жарыялады. Маматова буга чейин 100гө жакын студент сабакка келбей бүтүп кеткенин, 120дай казакстандык ст
Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучусу Сюита Маматова менен окуу жай жетекчилигинин чыры дагы ырбады.
Ош шаарында жарандык коом Конституцияны өзгөртүү демилгесине бир ооздон "жок" деп жооп берди. Алар бийликтерди 2020-жылга чейин Баш мыйзамды өзгөртпөөгө чакырышты.
Ошто жарандык коом Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы болууда. Алар бийликтерди 2020-жылга чейин Баш мыйзамга такыр тийишпөөнү талап кылышты. Эгер талап аткарылбаса, Ош шаарындагы активдүү жарандар өкмөттү сотко берүүгө да даяр экенин жарыялашты.
Ошто дагы бир көпүрөнүн ачылышы болду. Ак-Бууранын эки тарабындагы Исанов жана Ленин көчөлөрүн туташтырган жаңы курулуш мурдагы көпүрөдөн үнөмдөлгөн акчага салынды. Айрымдар жаңы көпүрөнү жүз жылдык муктаждыкты чечет деп аташса, башкалары зарыл эмес жерге курулду деп баалашууда.
Казакстан тарабынан каржыланган Оштогу “Жетиген” орто мектеби ишке берилди. 500 орундуу мекемени курууга казак президенти Нурсултан Назарбаев 88 млн. сом бөлүп берген.
Казакстан тарабынан каржыланган Оштогу “Жетиген” орто мектеби ишке берилди. 500 орундуу мекемени курууга казак президенти Нурсултан Назарбаев 88 млн сом бөлүп берген. Аймактагы башка мектептерден айырмаланып аталган мектеп англис тилине басым жасаганы турат.
Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 25 жылдыгы белгиленүүдө. Ага карата Кыргызстан боюнча ар кандай иш-чаралар өттү. Ош шаарынын борбордук аянтындагы салтанатта тартылган сүрөтбаянды сунуштайбыз. Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн кызматынан куулган. 2005-жылы анын ордуна келген президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан куулган. 2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчылыгына шайланып, бир жылдан кийин бийликти азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алган.
Москвадагы өрттө набыт болгон 14 кыз-келиндин сөөгү Кыргызстанда жерге берилди. Алардын бири 21 жаштагы Жаңылмырза Коргонбай кызы да Кара-Суу районундагы өзү туулган Отуз-Адыр айылындагы бейитке коюлду. Ал дизайнер болууну самап, бирок окууну бүткөндө оңдуу иш таппай, мындан үч ай мурун Орусияга атт
Москвада өрттөн набыт болгондордун сөөгү салынган атайын учакты Ошто маркумдардын жакындары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин автоунаалары табыттарды жер-жерлерге алып кетти. Маркумдар бүгүн жерге берилет.
Өзбекстан тарап кармап кеткен Үнкүр-Тоодогу радиорелейлик станция кызматкерлеринин жакындары мекеменин Оштогу баш кеңсесинде нааразылыкка чыгышты. Алар жетекчиликтен коңшу өлкөдө жаткан жакындарын тезирээк чыгарып берүүсүн талап кылышты. Ал эми радиорелейлик станциялардын түштүк башкармалыгы болсо ж
Жаштарды Сирияга азгырууга шектелип кармалган Кара-Суу районунун 18 жаштагы тургуну кайра бошотулду. "Абдуллах" аттуу каймана аты бар жаранды Ош шаардык соту эки айга үй камагына чыгарды. Бирок күч кызматтары айыпкер ушундан пайдаланып качып кетиши мүмкүн деп кабатырланууда.
Дагы жүктөңүз